Депутат Кубанычбек Жумалиев колуна куран кармап, байлыгын таза жол менен тапканын айтты (видео)
Ал ошондой эле, 2, 5 миллион доллар акчасы жок экенин билдирди
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев колуна куран кармап, эч качан коррупцияга аралашпаганын айтты. Бул тууралуу ал кечээ «Санат ТВ» каналындагы теле берүүнүн түз эфири учурунда билдирген.
Тактай кетсек, буга чейин Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Сыймык Жапыкеев Жумалиевдин ишканаларын текшерүүгө чакырган. Анын айтымында эл өкүлү байлыгын коррупциялык жол менен чогулткан. Жапыкеев Жумалиев Казакстанда соода борборуна ээ экенин да белгилеген.
Түз эфирдин учурунда активист Мелис Аспеков студияга куран китебин алып келип, Жумалиевден ыйык китепти колуна алып, анын байлыгы 1 млн доллардан ашпай турганын айтууну суранган.
Өз кезегинде саясатчы дароо эле Аспековдун колунан куранды алып, саясатчы болгону бир дагы жолу коррупциондук схемаларга катышпаганын билдирген.
«Мен, Жумалиев Кубанычбек Мырзабекович, 1992-жылдан 2005-жылга чейин бир дагы жолу коррупциялык ишке катышкан эмесмин. Туугандарым менден жардам сурап келгенде интеллектуалдык деңгээлим менен идеямды айтчумун. Алар өз эмгеги менен иштеп тапкан акчасына жашап жатышат. Мен куран кармап айтам, бир дагы жолу бюджеттин акчасын жеген эмесмин», - деп ал карганган.
Парламент мүчөсү ошондой эле 2, 5 миллион акчасы жок экенин айткан.
Фото жана видео www