Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жогорку Кеңештин төрагасы депутаттарды бет каптарын чечпей микрофонго келүүгө чакырды

Дастан Жумабеков ошондой эле Ак үйдө парламент мүчөлөрүнөн сырткары ЖК аппаратынын кызматкерлери да бар экенин кесиптештеринин эсине салды

Жогорку Кеңештин төрагасы Дастан Жумабеков депутаттарды Саламаттыкты сактоо министрлигинин сунуштарын сактап, бет кап тагууга чакырды.

- Бул жакта парламенттин аппаратынын кызматкерлери да бар, алардын жана өзүбүздүн саламаттыгыбыз үчүн имараттын ичинде коопсуздук чараларын сактоого чакырам, - деди төрага. - Өзгөчө борбордук микрофонго чыгууда бет каптарды чечпесеңиздер. Ал абдан көп колдонулат.

Бүгүн депутаттар Баткен жана Жалал-Абад облустарында жүргөн селдин кесепеттерин жоюу боюнча көрүлүп жаткан чаралар туурасында парламенттин маалыматын угуу үчүн жыйынга чогулушкан.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх