Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев: Милиция кызматкерлери шаабайы сууп калганын айтышууда

Депутат өкмөт сырттан көз салган адамга жалганчыдай көрүнүп жатканын билдирди. Ага кошумча төлөмдөрдөн баш тартышпаганын айтып, укук коргоо кызматкерлери кайрылган

Милиция кызматкерлери өзгөчө маал жана өзгөчө кырдаал маалында иштегени үчүн кошумча төлөмдөрдөн баш тартышкан эмес. Бул тууралуу парламенттин жыйынында ЖК депутаты Дастан Бекешев айтып чыкты.

Анын айтымында ага премьер-министрдин билдирүүсүнө нааразы болгон укук коргоо кызматкерлери кайрылып, оор абалда калышканын айтып беришкен.

- Укук коргоо органдарынын кайсы кызматкерлери кошумча төлөмдөрдү алышарын өкмөт айтып берсин бизге, - деп сунуштады Бекешев. - Буга чейин премьер-министр милиция кызматкерлери кошумча төлөмдөрдөн баш тартышты деди, бирок, бул чындыкка дал келбейт. Алар нааразы болуп жатышат жана шаабайлары сууп калганын билдиришүүдө. ӨА жана ӨК киргени алар дем алышсыз күнү-түнү иштеп жатышат.

Мындан сырткары, депутат COVID-19 жуктуруп алган медицина кызматкерлерине берилчү компенсациянын суммасына да сын такты.

-Медициналык кызматкерлерге берилчү компенсация боюнча: өткөн жыйында премьер 200 миң сомдон төлөнөрүн айткан, - деп эске салды парламент мүчөсү. -Кечээ компенсациянын өлчөмү эки эсеге азайганы белгилүү болду. Парламент жалганчыдай эле көрүнүп калды. Бизге толук маалымат беришсин. Бизге элдер кайрылып жатат, биз болсо эмне деп жооп берерибизди да билбейбиз.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх