Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Басмырлоочу, конституцияга каршы келет. Бакыт Төрөбаевдин кезектеги идеясы тууралуу кандай пикирлер айтылды?

Эми ал ЖК депутаттыгына юристтер менен экономисттерди көбүрөөк алууну сунуштады

Депутаттыкка талапкерлерге түрдүү квоталарды киргизүү шайлоочулардын тандоосун чектөөгө алып келет. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына депутат Исхак Масалиев бөлүштү.

Тактай кетсек, эл өкүлү Бакыт Төрөбаев Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндөгү мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштоодо. Парламент мүчөсү гендердик, улуттук, жаш курагы боюнча жана ден-соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар үчүн каралган учурдагы квоталарга эми кесиптик квотаны дагы киргизүү керек деген пикирде.

«Жаңы кодекс менен мыйзамдарга байланышкан абал Жогорку Кеңештин депутаттык корпусуна кесипкөй юристтерди, ошондой эле экономист жана финансисттерди тартуу боюнча укуктук механизмдерди жаратуу зарылдыгы бар экенин көрсөтүп койду», - деп жазган Төрөабев мыйзам долбоорунун маалымкат-негиздемесинде.

Депутат мыйзамда шайлоого катышкан саясий партиялар тизмесин түзүүдө биринчи 40 орунду жогорку юридикалык, жогорку финансы-экономикалык билимге ээ жана адистиги боюнча кеминде 15 жылдык эмгек тажрыйбасы бар адамдарга берүү боюнча норма болушу керек деп белгилейт. Мындан сырткары, парламентке биринчи кезекте турган жарандарда илимдин кандидаты жана докторлору окумуштуу даражалары болууга кажет.

«Мындай жол менен шайлоо жөнүндөгү конституциялык мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр Жогорку Кеңештин депутаттык корпусунун кадрдык дараметин жогорулатууга өбөлгө түзөт», - деп жалпылаган Төрөбаев. Мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду.

- Парламенттин азыркы курамындагы депутаттардын жарымында юридикалык билим тууралуу диплом бар, - деп белгиледи Масалиев. - Менимче, сунушталып жаткан бул өзгөртүүнү кабыл ала турган болсок, бул башка адамдардын укуктарын чектөө болуп калат. Жарандардын эмгек тажрыйбасын кантип аныктайсың? Эмгек китепчелери менен башка документтер бизге эч нерсени айтпайт. Заводдо көптөгөн жылдар бою юрист болуп иштеген кишини дароо эле депутаттыкка алса болобу ошондо?

Исхак Абсаматович шайлоочуларга босого чекти азайтуу менен преференциалдык шайлоо алда канча маанилүү экенин кошумчалады.

- Бирок, биздин демилгелер өткөн жылдын декабрында сунушталганы менен комитеттердин кароосуна ошол бойдон жеткен жок, - деп кейиди ал. - Жакында биздин курамдын иши аягына чыгат, андыктан Төрөбаевдин мыйзам долбоорун карап чыкканга деле жетишпейбиз го.

Өз кезегинде юридика илимдеринин доктору, КРнын БШКнын мүчөсү Кайрат Осмоналиевдин пикиринде кесиптик квота тууралуу сунушталган норма басмырлоочу мүнөзгө ээ экенин жана конституцияга каршы келет.

- Конституциянын эң башкы принциптеринин бири - тең укуктуулук анда бузулат, - деди ал Vesti.kg сайтына. - Парламент мүчөсүнүн сунушу жакшы ниетте жазылганы түшүнүктүү, анткени, чынында эле мыйзамдар жок дегенде башка нормативдик-укуктук актыларга каршы келбеш үчүн кесипкөй юристтер тарабынан жазылышы керек да. Бирок, депутаттарга келсек, мугалимдик кесипке ээ адам юристтен начар иштейт деп айтуу кыйын. Анын үстүнө биздин өлкөнүн жарымынын дипломдору жасалма экени эч кимге сыр эмес, айрымдар болсо сабактарга эзели барышкан эмес, анткен менен, жогорку билим тууралуу колдорунда дипломдору бар.

Кайрат Медербекович шайлоодо преференциалдык добуш берүү принциби колдонулгандан кийин гана сапаттуу болорун кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Vesti.kg Бакыт Төрөбаевдин «Саясий партиялар жөнүндө» мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча башка демилгеси тууралуу да жазган эле. Анда эл өкүлү партиянын лидерин тандоонун укуктун механизмдерин бекитүүнү да сунуштаган. Төрөбаевдин пикиринде партиянын лидерлигине жашы 30дан жаш эмес, жогорку билимге ээ, аталган партиянын курамында кеминде 5 жылдан бери турган жана соттолбогон Кыргыз Республикасынын жараны болушу керек.

Белгилей кетсек, эки мыйзам долбоору эки күн айырмачылык менен коомдук талкууга коюлган.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх