Сурабай турган болушту. Ысык-Көл облусуна киргендерден коронавируска текшерилгендиги боюнча справка талап кылышпайт
Өкмөттүн аймактагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү премьер-министрдин эскертүүсүнөн кийин өз чечимин өзгөрттү
Ысык-Көл облусуна киргендерден коронавируска текшерилгендиги боюнча справка талап кылышпайт. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн өкүлчүлүгүнөн кабарлашты.
- Буга чейин кабыл алынган чечим жарым-жартылай өзгөртүлгөн болчу, - деп такташты облустук администрациядан. - Медиктер Ысык-Көл облусуна кирген адамдардын ден-соолугунун абалын текшерүүнү улантышат. «Ак-Кеме» санитардык карантиндик бекетиндеги мобилдик лаборатория киргендердин дене табын байланышсыз термометрдин жардамы менен мындан ары дагы текшеришет. COVID-19дун алгачкы белгилери аныкталса, кызматкерлер экспресс-тестке анализ алышып, вирус аныкталган жарандар обсервацияга жөнөтүлөт. Бул процедура акысыз негизде өткөрүлөт.
Тактай кетсек, премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акылбек Осмоналиеге макулдашылбай кабыл алынган чечим үчүн эскертүү берген.
Ага чейин Ысык-Көл облусунун ыкчам штабы облуска кирүүгө тыюу салган - аталган аймакка коронавирустук инфекцияга тест тапшыргандыгы тууралуу справка менен гана өтүүгө болору айтылган.
Вероника Малышева
Фото www