Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Канат Сагымбаев: Эмнеге Асылбек Жээнбеков ЖКнын жыйындарына катышпай эле?

Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жан сакчысы бийликти 12-мартта Сауд Аравиясынан келген учакта экс-төрага болгонбу-жокпу жооп берүүгө чакырды.

Элдин бийликке болгон ишеними азыр болуп көрбөгөндөй түшүп кетти. Мындай пикирин мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-жан сакчысы Канат Сагымбаев бөлүштү. Анын кайрылуусун КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Кундуз Жолдубаева жарыялады.

Сагымбаев өзүнүн кайрылуусунда акыркы пленардык жыйындардын биринде “Асылбек Жээнбеков Сауд Аравиясынан 12-мартта учуп келген учакта болгонбу?” деген суроо узаткан ЖКнын депутаты Ирина Карамушкинага жан тарткан.

Анын айтымында бийлик бул суроого жооп берүүгө милдеттүү, анткени, жеке турфирмалар ЖК депутаттарына квота беришет.

Президенттин бир тууганын коргоп, ага жулунган «жигиттер» коомчулуктун көңүлүн башкы суроодон алып кетүүгө аракеттенишкен. “Асылбек Жээнбеков 12-мартта Сауд Аравиясынан келген учакта болгонбу-жокпу?” деген суроо ошол бойдон жоопсуз калган», - дейт мурдагы жан сакчы.

Мындан сырткары, УКМКнын мурдагы кызматкери эмнеге Асылбеков ЖКнын жыйындарына катышпай эле деген суроо салды.

«Кыргызстанда өзгөчө абал түзүлүп, элдин орчундуу көйгөйлөрү каралып жатса, Асылбек Жээнбеков эмне себептен Жогорку Кеңештин жыйындарына катышпай жатат. Президенттин жакындарына эл менен мамлекеттин көйгөйлөрүнө иши жокпу?» - дейт ал.

Тактай кетсек, бүгүн, 6-майда Бишкекте Кой-Таштагы окуялар боюнча соттук отурум болуп өттү. Анын жүрүшүндө Сагымбаевди төрт өтө оор кылмыш боюнча, анын ичинде «Альфанын» кызматкерлин барымтага алууну, бийликти күч менен басып алууну уюштуруу жана башкалар боюнча айыпташкан.

«Буга карабастан Канат Сагымбаев ИИМнин тергөөчүлөрүнүн Алмазбек Атамбаевге каршы көрсөтмө берүү жолу менен тергөө менен кызматташып, айып пул менен гана жоопкерчиликтен кутулуу боюнча бир нече жолку сунуштарынан баш тартты», - деп Сагымбаевдин жактоочусу Замир Жоошев Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз

Комментарии  

# Серый 06.05.2020 16:55
биринчи озуно жооп берип алсынчы крыса!
Ответить | Ответить с цитатой | Цитировать
Ой-пикир кошуңуз


Наверх