Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Коронавирустук» кризистин айынан Кыргызстанда добуш сатып алуу учурлары көбөйөбү?

«Нааразычылыгы күч шайлоочулар алардын пикиринде элди тоноп гана келген элиталарды болушунча колдонгонго аракет кылышат»

Коронавирус эпидемиясынын кесепетинен келчү экономикалык кризис алдыдагы парламентке жана жергиликтүү кеңештерге шайлоодо добуш сатып алуу учурларынын көбөйүшүнө алып келет. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына саясат таануучулар бөлүштү.

Алардын пикиринде олигархтар калктын капчыгынын жукарышын өз кызыкчылыктарында колдонуп кетиши мүмкүн.

- Менимче, добуш сатып алуу учурлары көбөйөт, - деп белгиледи саясат таануучу Марат Казакпаев. – Көптөгөн адамдар оор абалда калышкандыктан өздөрү сатылып кетет. Албетте, бул начар, бирок, айрым партиялардын лидерлери бул абалдан колдонушуп, парламенттин же жергиликтүү кеңештерде добуш сатып алуунун коррупциялык схемалары алдыга чоң кадам шилтейт го.

Саясат таануучу Чинара Эсенгул социалдык-экономикалык абалдын начарлашы менен ар кандай саясий күчтөрдүн шайлоочулардын добушун сатып алуу учурлары көбөйүшү мүмкүн деген пикирге кошулат.

- Азыркыдай оор мезгилде ал эмес ачка калган да адамдар бар, - деп белгиледи ал. - Мындай оор абалда саясатчылар саясий программаларын сөз кылып, шайлоочулар же жок дегенде алардын көбү аларды таразалап анан чечим кыларына ишеним деле арта албайт го. Биз пандемиянын айынан мындан абдан алыспыз. Пандемиядан кийинки абал дагы абдан оор болот.

Негизи, эгемендиктин 30 жылдыгында Кыргызстандын саясий маданияты ошол бойдон калыптанбай калган, деп белгиледи эксперт. Биздин өлкө дагы деле парламенттин демократияны куруу этабында турат, ал эми мыйзамдар тынымсыз өзгөрүп турат. Андыктан, саясий күчтөрдүн түзүлгөн бул кырдаалды өз кызыкчылыктарында колдонууга аракет кылышары таң каларлык нерсе эмес.

Чынара Эсенгул жыйынтыкта шайлоочулар мурдагыдай эле, жердешчилик, аймактык, кландык принциптердин негизинде көбүрөөк добуш берет деп эсептейт. – Туугандык жактан ким жакыныраак, кайсы талапкер шайлоочу менен бир аймактан, айтор, баягы эле көрүнүш.

Ольга Федорчук
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх