Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Камчыбек Ташие вмурдагы ӨКМ министри катары Замирбек Аскаровду отставкага кетүүгө чакырды

Саясатчынын айтымында министр кадыр-баркын ушинтип адамдык абийирин сактап калат

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Камчыбек Ташиев ӨКМнин башчысы Замирбек Аскаровдун ишин катуу сынга алып, аны отставкага кетүүгө чакырды.

Өз билдирүүсүн саясатчы мурдагыдай эле Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына жарыялаган.

Ташиевдин айтымында Аскаров мекеменин жетекчиси катары сел жүргөн аймактарга барып, жашоочуларга жардам көрсөтүп, жеринде иш алып барышы керек эле.

«Сиздин кечээки ЖК отурумундагы суйлөгөн сөзүңүздү угуп ,мен мурунку ӨКМ министри катары өтө капа болдум жана министрликтин жумушун аткара албай жатканыңызга өкүндүм.Себеби,сиздин туура чечим кабыл алганыңыз жана жеке өзүңүздүн жаныңызды аябастан тобокелге салып жасаган аракетиңизден адамдардын өмүрү жана коопсуздугу сакталат.

Сиз айтып жатасыз, 6-майда ЖК чакырганынан Лейлекке барбай калдым деп, бул эмне деген гана жоопкерсиздик,кайдыгерлик. Себеби Лейлекте сел 1-майда болду, 6-майга чейин сиз Бишкекке эки жолу келип, кете алмаксыз.

Анан да билбесеңиз айтып коёюн ,эгерде мамлекетибиздин кайсыл бир жеринде өзгөчө кырдаал түзүлүп калса жана ошол убакта сизди президент ,премьер-министр же ЖК чакырып калса,анда аларга барбастан туруп биринчи кезекте жабыр тарткан элге барууга милдеттүүсүз. Өзгөчө кырдаал болгон жерден туруп президентке жана премьер-министрге түзүлгөн абал жөнүндө кыскача маалымат берип, жеринде чара коөрүүлөрдүуюштурууга милдеттүүсүз», - деп жазган Ташиев.

Мисал катары, мурдагы парламент мүчөсү 2008-жылы өзгөчө кырдаалдар министри кезинде президенттин буйругусуз жер титирөө болгон Алай районундагы Нура айылына барганын айткан.

«Урматтуу министр! Мен буларды эмнеге айтып жатам? ӨКМ - бул абдан жоопкерчиликтүү кызмат. Эгерде ушул милдеттерди тушунсөңүз ,кечээки Лейлек,Базар Коргон, Ноокен, Аксы райондорундагы жабыркаган элге жеке министр катары барып элдин көңүлүн ,духун көтөрүп, элге жардам бере албай калганыңыз учун жоопкерчиликке тартылышыңыз керек жана ыктыярдуу отставкага кетиңиз, ошондо адам катары өз абийириңизди сактап каласыз!

Бул окуя кийинки өзгөчө кырдаалдар министрине сабак болуууга тийиш», - деп сөзүн жыйынтыктаган саясатчы.

Манас Кольбаев
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх