Алмазбек Атамбаевдин уулдары блокпосттордо турган милиция кызматкерлерине ысык тамак жана бет каптарды таратышты
Мурдагы президенттин уулу азыркыдай оор абалда саясатчыларды талаш-тартыштарды токтотууга чакырды
КСДП партиясынын мүчөлөрү Бишкектин чет жакаларында орнотулган блокпосттордогу 200дөн ашык милиция кызматкерине, ошондой эле Кой-Таш, Арашан, Чоң-Таш, Воронцовка, Үч Эмчек, Тоолуу Маевка, Алмалуу, Норус, Тогуз-Булак, Беш-Күңгөй, Көк-Жар, Байтик жана башка айылдарынын тургундарынын саламаттыгын сактап жаткан ыктыярчыларга ысык тамак жана суусундуктарды жеткиришти.
Блокпосттордогу тартип коргоочуларына ошондой эле 1500 даана жеке коргонуу каражаттары тапшырылды.
Акцияга КСДП партиясынын мүчөлөрү Сеид жана Кадыр Атамбаевдер, Темирлан Султанбеков жана башкалар катышты.
Сеид Атамбаев учурдагы оор абалда саясатчылар талаш-тартышты токтотуп, элге жардам берүүгө тийиш экенин белгиледи.
Саясатчынын пикиринде бийлик тартип коргоо органдарынын жана саламаттыкты сактоонун жөнөкөй кызматкерлерине да жарам берип, камкордук кылуу керектигин унутуп коюшканы өкүндүрбөй койбойт.
КСДПнын басма сөз кызматы
Фото www
Комментарии