Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

“Өтө эле одоно”. Вице-спикер Мирлан Бакировдун чектен чыккан идеясы туурасында депутаттардын пикирлери

“Жөнөкөй жарандардын эмгегин мындай оор абалда колдонуу туура эмес. Элдер ансыз да чарчады”

Жарандарга тийиштүү шарттарды түзгөндө гана калк менен элдин ортосунда өнөктөштүк болушу мүмкүн. Вице-спикер Мирлан Бакировдун Баткен жана Жалал-Абад облустарында селден коргоочу тосмолорду курууга жергиликтүү калкты тартуу сунушу боюнча ЖК депутаты Исхак Масалиев Vesti.kg сайтына ушундай пикирин бөлүштү.

- Коммунисттик партиянын жетекчиси катары биздин тарыхта патриоттук аракеттер болгонун эстебей коё албайм, - деди парламент мүчөсү. - Бирок, муну, “тургула, барып иштегиле” дегендей элестетүү туура эмес. Менимче тийиштүү шарттарды камсыздап беришсе, мисалы жок дегенде тамак аш жагынан, эл мындай акцияларга катышмак. Бирок, албетте, милдет катары көрсөтүү туура эмес. Өзгөчө, азыркыдай оор абалда. Кесиптешим кандайдыр-бир маселени чечүүгө мамлекет менен кошо элди тартуу жаман көрүнүш деле эмес экенин айтайын десе керек.

Эл өкүлү жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдарынын ролу мындайда чоң экенин, бирок, көптөгөндөр аны түшүнбөсүн белгиледи.

- Биз 21-кылымда жашайбыз да, - деп сөзүн улантты Масалиев. - Калк менен мамлекеттин өз ара аракеттениши мүмкүн, бирок, көйгөйлөрдү чечүүнү толугу менен жарандардын мойнуна илип коюу туура эмес болуп калат. Эгерде, мамлекет пенсияны, элдин ден-соолугуна кам көрүүнү толугу менен кепилдесе, анда мындай маселени ортого коюуга болор эле. Бирок, андай болбогондон кийин, ар ким өгүзүм өлбө, арабам сынба деп жашап жаткандан кийин мындай билдирүүлөргө өтө кылдат мамиле кылуу зарыл.

Анын кесиптеши Мирлан Жеенчороев тескерисинче вице-спикердин идеяны таптакыр туура эмес деп сыпаттады.

- Бүгүнкү күндө илим, техника жана менеджмент башкача өнүккөн, саясий түзүлүш башка, деди ал Vesti.kg сайтына берген маегинде. - Биз бюджетке салык түрүндө түшкөн акчалай каражатты көбөйтүп, ошол гана каражатка социалдык инфраструктураны, анын ичинде селден коргоочу тосмолорду жакшыртууга тийишпиз. Буга чейин биз кредит алып келгенбиз.

Депутаттын пикиринде калкты мобилизация кылуу жөнүндө демилге тоталитардык режимди эске салат.

- Элди көчөгө чыгарып, курулуш иштерин жасатуу - тоталитардык режимдин элементтери, - деди Жеенчороев. - Алгач мындай абалдарга даярдык көрүп, анан бийик трибунадан сүйлөш керек. Экинчиден, биз адамдардын эркиндиги менен укуктарын сыйлашыбыз керек. Бүгүнкү күндө биз тескерисинче, мамлекет тарабынан бөлүнгөн каражаттардын максаттуу пайдаланылып жатканын талап кылуубуз зарылю 2018-жылдын 13-майында Исфанада сел жүргөн. Биз ал жакка алдын алуу чараларын көрүү үчүн көптөгөн акча каражатын жөнөткөнбүз. Каражаттын сарпталышынын тунуктугун талап кылуу керек. Эмнеге мындай болду. Биз акча бөлүп келебиз, бирок, ар бир эки жылда ушундай көрүнүш,эмнеге? Суроо ушундай таризде көтөрүлүүгө тийиш.

Өкмөттөн каражаттын максаттуу пайдаланылганын жана жергиликтүү бийлик органдарынын ишине адилетүү баа берүүнүн ордуна бардыгын жөнөкөй жарандардын мойнуна артып коюшту, - деп депутат баш чайкады. Анын пикиринде бул жарандарга карата ашкере жоопкерчиликсиздик.

Ушундай эле пикирин Vesti.kg сайтына ЖК депутаты Таабалды Тиллаев дагы бөлүштү.

- Мындай иштерди элдин мойнуна жүктөп койбош керек, анткени, бюджеттен атайын бул максаттарга акча каралган, - деди ал. - Болжол менен биздин бюджет менен алганда жылына 600 млн сом бөлүнөт.

Парламент мүчөсү жөнөкөй жарандардын эмгегин мындай оор абалда колдонуу туура эмес экенин белгиледи.

- Эл ансыз деле бул тосмолорду жыл сайын бекемдеп келишкен, алар деле чарчашты, - деп сөзүн улантты Тиллаев. - Кечээ биз бетондук тосмолорду орнотуу керектигин айттык: таш тосмолорду коё берип, эл да, мамлекет да чарчады. Мамлекет жаңы технологиялардын жардамы менен орнотуш керек. Өзбекстан, Түркия, Грузиянынын мисалдарында караса болот - алардын селден коргонууда абдан көп тажрыйбасы бар.

Эске салсак, кечээ парламенттин жыйынында Баткен жана Жалал-Абад облусунда жүргөн селдин кесепеттерин жоюу маселеси талкууланган.

Вице-спикер Мирлан Бакиров бюджетте качан акча болот деп күтүп отурбай, жергиликтүү калкты: жумушсуздук боюнча жөлөк пул алган жарандарды ишке тартууну сунуштаган.

Бакиров 1958-жылы жарандар оор техникасыз эле Чоң Чүй каналын курушканын белгилеген. Анын демилгесин көптөгөн кыргызстандыктар катуу сынга алышкан.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх