Аида Исмаилова: Коронавирус жуктурган медициналык кызматкерлерге компенсация төлөп берүүгө 50 млн сом бөлүндү
Тийиштүү буйрукка 4-майда кол коюлган
Кыргызстандын өкмөтү коронавирустук инфекция жуктурган медициналык кызматкерлерге компенсация төлөп берүүгө 50 млн сом бөлөт. Бул тууралуу бүгүнкү брифингдин жүрүшүндө вице-премьер-министр Аида Исмаилова маалымдады.
Анын айтымында буйрукка 4-майда кол коюлган. Илдетке чалдыккан ар бир медициналык кызматкерге 200 миң сом төлөнүп берилет.
«4 -майда өкмөт вирус жугузган саламаттыкты сактоо кызматкерлерине 200 миң сом,, ал эми көз жумган учурда алардын үй-бүлөсүнө 1 млн сом өлчөмүндө бир жолку компенсация төлөп берүү боюнча буйрук чыгарган. Бул максатта 50 млн сом, бөлүндү. Зарылдык болсо дагы бөлүнөт. Саламаттыкты сактоо министрлиги тараптан комиссия иштейт»,- деди Исмаилова.
Эльдос Казыбеков
Фото www