Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурдагы прокурор Кубанычбек Жумалиевге «фактыларын бир жерге тыгып коерун» айтты (видео)

Мындан сырткары, Сыймык Жапыкеев мурдагы вице-премьер Сарпашевди «Кумтөрдүн тазалыгычы» деди

Прокуратуранын өзгөчө маанилүүү иштер боюнча мурдагы тергөөчүсү Сыймык Жапыкеев «7- каналга» берген маегинде Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Жумалиев менен мурдагы вице-премьер Тайырбек Сарпашевди коррупцияга айыптады.

Ал эл өкүлү менен соттук териштирүүдөн кормок тургай, чыдамсыздык менен күтүп жатканын билдирди.

«Жумалиевдин бети жок, андай адамдарга ким экенин беттерине эле айтыш керек. Мен сотто качан кезигебиз деп күтүп жатам. Мен анын күнөөсүн далилдей турган бардык документтерди көрсөтөм. Бирок, сотто мен аны уурусуң десем, ал ууру эмесмин деп жооп берет. Сот ошо менен бүтүп калат. ИИМ, УКМК, Финполиция жана ФУГИ кирген элдин комиссия түзүү зарыл. Мына ошолордун бардыгы биригип, Башкы прокуратура менен бирдикте анын мүлкүн текшериши керек. Комиссияны эмнеге түзүү керек? Анткени, бул коомдук резонансты жаратып койду. Мага Максат Мамытканов (УКМКнын мурдагы кызматкери, эксперт- ред.) телефон чалып, ага арыз жазасыңбы деп Финполициядан телефон чалып жатышканын айтты. Текшере беришсин. Мен аларга эч нерсени далилдеп отурбайм», - деди Жапыкеев.

Прокуратуранын мурдагы тергөөчүсү Кубанычбек Жумалиевдин бардык мүлкү анын туугандарына жазылганын жана анын айткандарынын баары калп деп эсептейт.

«Ошол бети жок академик (Жумалиев) «Гоин» 300 миң доллар турат деди. Анда сатсын ошол баага. Бул соода борборунун баасы 3 миллион доллар. Чындыгында ал анын туугандарынын атында. Эмнеге биздин коом «супер-байлар» менен жөнөкөй адамдарга бөлүнгөн? Жумалиев жооп берсин», - деген ал.

Ачууланган Жапыкеев сөздөрүн электен да өткөрбөй баштаган.

«Ал факты сурап жатабы? Мен фактыны көрсөтмөк турсун, аларды бир жерине тыгып да коем. Мен көчөдөн келген бир балакай эмесмин, мен өзгөчө маанидеги иштер боюнча тергөөчү болгом. Адвокат, соттор менен коркуткулары келип атабы?», - деп агынан жарылган тергөөчү.

Мындан сырткары, ал мурдагы вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашевди «Кумтөрдүн тазалагычы» деген.

«Сарпашев 1 миллион сомго костюм заказ кылганына мактанып жүрөт. Анын Podium, деген дүкөнүндө эң арзан кийим 500$ турат (бул жердеги жана кийинки маалыматтар расмий түрдө такталган эмес - ред.). Ошондой эле Сарпашевге тиешелүү «Градиент» компаниясы Кумтөрдөн таштандыларды чыгарып, күйүүчү май жеткирет. Аны ал жакта «мусорщик» дешет. Жумалиев менен Сарпашев - классикалык коррупционерлер. Мен алардын түбүнө жетип, аларга кылмыш иштери ачылгандан кийин башкаларды ачыкка чыгарам. Эгерде, мен бардык коррупционерлердин атын атасам, алар мени граната менен жардырып салышат», - деп кошумчалаган ал.

Vesti.kg Тайырбек Сарпашев менен байланышып, прокуратуранын мурдагы тергөөчүсүнүн сөздөрү боюнча пикирин угууну чечкен. Бирок, экс-вице-премьер бул тема боюнча комментарий берүүдөн баш тартты.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх