Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмаз Орозалиев: Шаардыктар менен ЖМКларга конструктивдүү сын-пикирлери үчүн рахмат

Бишкектин мурдагы коменданты коомчулуктун колдоосу жок үзүрлүү иш болмок эместигин белгиледи

Бишкектин комендатурасынын үзүрлүү ишинин натыйжасында массалык жуктурууларга, кылмыш иштеринин көбөйүшүнө, ачкачылык жана мародерлукка жол берилген жок. Ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев Бишкектин коменданты катары алып барган иши боюнча Vesti.kg сайтына ушундай пикирин билдирди.

- Биз шаардыктар менен эриш-аркак иштедик, - деп белгиледи ал. - Бул биздин эбегейсиз чоң эмгек болду. Башкысы биз массалык жуктурууларга жол берген жокпуз. Кылмыш иштеринин көбөйүшү, мародерлук, башаламандык, ачкачылык орун алган жок. Биз шаардыктар, коомчулук жана жалпыга маалымдоо каражаттарысыз мындай ишти алып бара алмак эмеспиз.

ИИМнин башчысынын орун басары дарыгерлер, кесиптештери, шаардыктар менен ЖМКна ыраазычылыгын билдирди.

- Биринчи кезекте коронавирус менен күрөштө төшүн тосуп, өздөрү да жабыркаган биздин ак халатчан дарыгерлерге терең ыраазычылык, - деп белгиледи Орозалиев. - Коомдук тартипти камсыздоого тартылган Бишкек гарнизонунун жеке курамына рахмат. Бардык чектөөлөр менен талаптарды түшүнүү менен кабыл алып, бизге колдоо көрсөткөн бишкектиктерге ыраазычылык. Конструктивдүү сын-пикирлери үчүн ЖМКлардын өкүлдөрүнө рахмат.

Муну менен бирге Алмаз Орозалиев комендатура социалдык тармактарда баракчаларды түзүп, ачык болууга аракет кылганын белгиледи.

- Жарандар биз менен түздөн-түз байланышууга мүмкүндүк алышты, - деп ал сөзүн улантты. Балким, мактангандай угулаар, бирок, бишкектиктер биздин колдообуз менен камкордугубузду сезди деп ойлойм.

Эске салсак, бүгүнкү күндөн тарта өлкөнүн айрым шаарларында өзгөчө абал режиминин аяктаганына байланыштуу коменданттык саат токтотулду.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх