Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

КСДП: Канат Сагымбаевде коронавирустун белгилери пайда болду

Партиянын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева Атамбаевдин мурдагы жансакчысынын дене табы көтөрүлүп, тамагы, сөөктөрү ооруп жатканын айтып чыкты

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин экс-жансакчысы Канат Сагымбаевде коронавирустук инфекциянын белгилери пайда болду. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына КСДП партиясынын расмий өкүлү Кундуз Жолдубаева билдирди.

Анын айтымында ал үч күн мурда СИЗО-1дин жетекчилигине кайрылып, COVID-19 инфекциясына текшерүүнү суранган. Бирок, Жолдубаева Сагымбаевдин суранычын көз жаздымда калтырып коюшканын белгиледи.

- Бүгүн соттун учурунда Сагымбаев өзүнөн коронавирустун белгилерин байкап жатканын айтты, - деди Жолдубаева. Дене табы көтөрүлүп, сай-сөөктөрү сыздап, тамагы ооруп жатыптыр. Үч күн мурда СИЗО-1дин жетекчилигине кайрылып, коронавируска текшергиле деп сураныптыр. Бирок, эч кандай аракеттер көрүлгөн эмес. Аны менен камерада чогуу отургандар дагы ооруп жатышыптыр.

Партия мекеменин жетекчилиги абактагылардын бардыгын коронавируска текшерүүнү талап кылууда. Мындан сырткары, Жолдубаеванын пикиринде, эгерде алардан чын эле коронавирус табылса ЖАМКнын жетекчилигин жоопкерчиликке тартуу керек.


Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх