Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Алмаз Орозалиев ИИМнин башчылыгына келүүгө даярбы?

Анын Бишкектин коменданты кызматында аткарган жумушу тууралуу карама-каршы пикирлер айтылды

Бишкектин мурдагы коменданты Алмаз Орозалиевдин социалдык тармактардагы пиары - коомчулукту ИИМнин жетекчилигинин алмашуусуна даярдоо болгон күндө да, ал ички иштер министри болууга даяр эмес. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына ИИМнин мурдагы кызматкери жана Жогорку Кеңештин V чакырылышынын мурдагы депутаты, милициянын полковниги Туратбек Мадылбеков бөлүштү.

 - ИИМ - абдан татаал мекеме, - деди ал. - Орозалиевди ким жана кандай максатта пиарлады билбейм, бардыгы болушу мүмкүн. Бирок, министрлик кызматка мыкты даярдалган адамды алып келүү керек: Орозалиевге өз алдынча иштөө тажрыйбасы жетишпейт, ал дайыма орун басарлыкта жүргөн. Ага убакыт керек.

Өз маалында ИИМди жетектеген мурдагы премьер-министр Феликс Кулов комендант менен министрдин орун басарынын атынын байма - бай айтылганы анын жакын арада көтөрүлүшүнөн кабар бербейт деген пикирде.
-

Анткени, ички иштер министри бүткүл өлкө боюнча Өзгөчө кырдаал режимин камсыздоого катышты, - деп түшүндүрдү ал Vesti.kg сайтына. - Өзгөчө абал 4 гана аймакта киргизилген, ал эми комендант Бишкек шаарында гана бул режимди камсыздоого катышты.
Мында, кеп Орозалиев министр болууга даярбы-жокпу дегенде эле эмес, балким чындыгында эле даяр, деп эсептейт Кулов. Бирок, анын ою боюнча өзгөчө абал маалындагы анын ишинин натыйжасына карап баалоо туура болот.

- Комендант бардыгын туура аткарды деп айта албайм, - деп жашырган жок экс-премьер. – Коронавирус пандемиясынын шартында биринчи жолу бири-бирине карама-каршы маселелерди аткарууга туура келди: шаардыктардын обочолонуу тартибин камсыздап, башкача айтканда шаарды жабыш керек болду. Ошол эле маалда экономиканын кыйрашына жол бербей, туруштук берүү милдети турду. Экөө тең аткарылдыбы? Күмөнүм чоң.
Бирок, коменданттын мындай тажрыйбасы жок болчу - андыктан, бул мыйзам ченемдүү көрүнүш, деп белгиледи мурдагы премьер. Кулов карантин маалында экономиканын кадимкидей иштешин камсыздай турган чараларды эми деле көрүүгө кеңеш берди.

- Тигил же бул ишканада иштей тургандыгың жөнүндө салык кызматынан справка алуу милдети - жакшы деле чечим эмес, - деди ал. МСКда ишканалардын бардык кызматкерлеринин аты-жөнү жок, Соцфонддо бар. Бирок, баары бир ченебегендей акылсыздык. Мурда комендатура справка бербесе, эми салык кызматында бербей башташат. Же МСКда «кирешелердин» жаңы беренеси пайда болот. Жумуш берүүчүнү мөөрү басылган справка деле жетиштүү болмок, менимче.

Коомдук транспорт - дагы бир чечилбеген көйгөй. Кулов шаар толугу менен токтоп калбашы керек деп эсептейт. Жүргүнчүлөр туруп барбай, отургучтарга гана бирден отурушса, кирээрде колдорун дезинфектор менен тазалап, сөзсүз бет кап тагына турган болсо кичи автобустарга деле иштөөгө уруксат берүүгө болор эле, - дейт ал. Албетте, айдоочу дагы бет капчан жана кол капчан болууга тийиш.
Ошол эле эрежелер менен такси кызматтарын деле иштетүүгө эмнеге болбосун?, - дейт Кулов.
Ар бир ишкана ага кирген ар бир кызматкердин дене табын текшерип тура алмак. Бардык жумушчулар колдорун жууп, санитайзер менен тазалап турмак да, -деп баш чайкады ал.

- Ушундай нерселерди кылууга болбойбу? - Сөзсүз эле бардыгын тыйып салыш керекпи? - деп кейиди экс-премьер.

Ал эми ИИМнин ардагери Токтогул Какчекеев кызматы боюнча Алмаз Орозалиевди жакындан тааный турганын белгиледи. Аны эгерде ички иштер министри кылып дайындашса - бул жакшы чечим болмок, - деп эсептейт ал.

Какчекеев Кыргызстандын аймагына коронавирустун пайда болушуна жетишсиз даярдыктарды көргөн өкмөттү сынга алды. Какчекеевдин пикиринде ажылыктан келген жарандардын илдетке чалдыкканы белгилүү болгондогу чак-челекейдин себеби мына ушул болгон.

- Ошондо анан тартипке салып берсин деп Орозалиевди комендант кылышты, - деди ал Vesti.kg сайтына. – Дарыгерлер, азык-түлүк ташыгандар, байланыш камсыздагандар - эч кимиси кантип бардыгын ирээтке келтирсе болорун билишкен эмес. Коменданттын мындай тажрыйбасы жок болсо да, укук коргоо органдарында топтогон тажрыйбасы катуу карантинди киргизүүгө мүмкүндүк түздү. Ошол башаламандыктын ортосунда ал кабыл алган чечимдер туура чыгып жатты.

Айрым журналист, бейөкмөт уюмдар жана юристтердин “Алмаз Орозалиев конституцияны бузуп жатат” деген сөздөрү боюнча Какчекеев ӨА учурунда конституциялык эрежелер дээрлик иштебесин далил келтирди: «Жарандык коргоо жөнүндө» мыйзамы боюнча бул мезгил уюштуруучулук жана мобилизациялык деңгэли боюнча согуштун башталышына барабар.
-

Экс-комендант жаңыча көз карашы жана укук коргоо ишмердүүлүгүн жакшы түшүнгөнү менен айырмаланат, ал кылмыштуулукка каршы күрөшүүнүн алдыңкы ыкмалары менен тааныш - деп ИИМнин ардагери Орозалиевди мүнөздөдү. - Алмазбек Атамбаевди камоого даярдык көрүү учурунда ал жападан жалгыз заманбап жол менен бул маселени карап, Кой-Ташта суракка алуу үчүн бардыгын даярдаган. Протоколду кайдан толтурасың - айырмасы канча, туурабы? Бирок, УКМК ишке кийлигише калып, азыркыга чейин ал жакта эмне болгонун акырына чейин түшүнгөн киши жок.
Жумшак жолдор менен катуу жыйынтыктарга жете билген адам - жакшы көрүнүш, баса белгиледи Какчекеев.

Фото www

 

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх