Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Президент Сооронбай Жээнбеков жакында болгон чек ара жаңжалында жаракат алган аскер кызматкерлеринин абалынан кабар алды

Президент чек арачыларга тез арада сакайып кетүүнү каалады

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-майда, Баткен облусундагы мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде жакында болгон курал колдонуу менен коштолгон жаңжалда жаракат алган аскер кызматкерлеринин абалынан кабар алды.

Октон жарадар болгон Мамлекеттик чек ара кызматынын аскер кызматкерлери Султанбек уулу Мирбек, Абдисаит уулу Манас жана Турдубай уулу Чыңгыз учурда Бишкек шаарындагы Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Улуттук госпиталда дарыланып жатышат.

Президент Сооронбай Жээнбеков чек арачыларга колдоо сөздөрүн айтып, алардын тез арада сакайып кетишин каалады.

Мекенине ак ниет кызмат кылгандыгы жана Мекен чегин коргогондугу үчүн ыраазычылык билдирди.

Президенттин маалыматтык саясат бөлүмү
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх