Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Транспорт жана жол министри: Коронавирус Кыргызстанда жолдордун курулушуна дагы кедергисин тийгизди

Жумушчулардын бир бөлүгү обсервацияда болгонунан улам Ош-Баткен-Исфана жолун оңдоп-түзөө графигинен артта калды

Коронавирус Кыргызстанда жолдордун курулушуна дагы кедергисин тийгизди. Бул тууралуу ЖКнын транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Транспорт жана жол министри Жанат Бейшенов билдирди. Ага комитеттен “Эмне себептен Ош-Баткен-Исфана автожолунадагы ремонттук иштер графиктен артта калып жатат?” деген суроо узатышкан.

Бейшенов аталган долбоор 2020-жылы аягына чыгарын ишенимдүү билдирди.

- Өткөн жылы биз ишти кызуу жандантканбыз, - деди ал депутаттарга. - Эгерде мурдагы жылы 8 километр салынган болсо, өткөн жылы 12 километр коштук. Мен мартта ал жердге барып калк менен жолуккан кезде, алар муну тастыкташты. Биз долбоордун ичинде болбогон бардык жасалма, анын ичинде кошумча курулуштарды аяктадык. Курулган 152 түтүктүн 34ү долбоордо жазылган эмес. Бул жылы 1 километр жолго асфальт төшөдүк, эски асфальтты алуу боюнча иштер жүрүп жатат. Ошондой эле жаңы көпүрөнү куруу да аяктап калды.

Министрдин айтымында жумушчулардын арасында коронавируска чалдыккандар менен байланышта болгондор болгон жана алардын обсервацияга алынгандыгы иштин графигине таасирин тийгизди.

- План боюнча биз ушул жылы асфальт коюп бүтүшүбүз керек эле, - деди ал. - Бирок, коронавирусдун таасири кандай болот байкайбыз, башында ал жерде контактта болгондуктан, дээрлик бүт менеджмент обсервацияда жаткан.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх