Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сапар Исаковду колониядан кайра СИЗО-1ге которушту

Мурдагы премьер менен Атамбаевдин экс-жансакчысын коронавируска текшеришет

Мурдагы премьер-министр Сапар Исаковду № 8-түзөтүү абагынан кайрадан СИЗО-1ге которушту. Бул тууралуу социалдык тармакта КСДПнын төрагасынын орун басары Кундуз Жолдубаева билдирди.

Ал мындай чечимди борбор калаанын Биринчи май райондук соту кабыл алганын белгилеген.

«Пандемия шартында жана ал жерде балким коронавирус бар болушу мүмкүн экени жөнүндөгү акыркы билдирүүлөрдөн кийин бийликтин мындай аракеттери кооптуудай туюлат», - деп жазган ал.

ЖАМК Исаков чындыгында эле СИЗО-1ге которулганын Vesti.kg сайтына ырастады.

- Буга чейин анын тарапташтары Сапар Исаков менен Канат Сагымбаевде коронавирус бар деп билдиришкен, бүгүн аларды текшерилет, - деп такташты мекемеде. - Анализдердин жыйынтыгынан кийин ал кайда кармалары белгилүү болот.

Вероника Малышева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх