Жакынкы күндөрү Россиядан бир нече чартердик каттам менен кыргыз мекендештерди алып келинет
Мындан сырткары, бийлик РФдагы кыргызстандык офицер жана курсанттарды алып келүүнү көздөөдө
Үстүбүздөгү жылдын 14-майынан 17-майына чейин Кыргызстанга Россия жана Кувейттен чартердик каттамдар учуп келет. Бул тууралуу ЖКнын эл аралык иштер боюнча комитетинин жыйынында Тышкы иштер министринин өкүлү билдирди.
Анын айтымында 14-майда Москванын «Домодедово» аэропортунан Кыргызстандын жарандары менен учак абага көтөрүлөт.
- Ошондой эле, 14-майда Кувейттен учак келет, - деп такташты ТИМден. - 15-майда Бишкек - Санкт-Петербург каттамы, 16-майда Бишкек – Домодедово, 17-майда
«Шереметьево» аэропортунан учактар күтүлүүдө. Жалпы - 6 каттам.
Ошондой эле өкмөттөн бул каттамдар менен РФда билим алып жаткан офицер жана курсанттар алынып келинерин белгилешти.
Гулиза Чудубаева
Фото www