Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абылгазиев: ИИМге болгон ишеним көбөйдү

Премьер-министрдин Жогорку Кеңешке берген отчету кандай өттү?

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңеште отчет берди

- Өкмөт тарабынан демилгеленген 197 мыйзам долбоорунан 2019-жылы 110у кабыл алынды, - деди ал. - ИИМге болгон ишеним 4,7 пайызга көбөйдү. Бүгүнкү күндө бул орган өзүнүн иштөө стилин толугу менен өзгөртүп, коомчулукка ачык болуп калды. Чыныгы Ички дүң продукт 4, 5 пайызды түзүп, болжол менен 0, 5 пайызга көбөйдү. 2018-жылы 3,8 пайыз болчу. Так цифралар жогорураак болот деп үмүт артуудабыз.

Абылгазиев ошондой эле 2019-жылдан бери ата мекендик спортчулардын маянасы көбөйгөнүн белгиледи.

- Биздин спортчулар Токиодо өтчү Олимпиадага 5 лицензия ала алышты, - деп эске салды кабминдин башчысы. - Кыргызстандын тарыхындагы биринчи жеңиш -Айсулуу Тыныбекованын дүйнөлүк чемпионаттагы күрөш боюнча алтын медалы өзгөчө сыймыктанарлык иш болду. Футбол боюнча алгачкы жолу биз Азия кубогуна катышып, чейрек финалга чыга алдык. Биз волейбол боюнча 5-чемпионатта борбордук аймак ичинде жеңишке жетиштик. 2019-жылдан тарта биздин алдыңкы спортчуларыбыз жогорулатылган стипендия ала башташты. Буга чейин стипендиянын жогорку категориясы 45 миң сомду түзчү, 2019-жылдан баштап ал 75 миң сомго көбөйдү.

Премьердин айтымында өкмөт инфляцияны орто деңгээлде сактоого болгон аракетин көрдү.

- Мамлекеттик бюджеттин кирешеси 167,3 млрд сомду түздү, - деди ал. - Салык кызматы 84 млрд сом чогултту, бажы кызматы - 149, 3 млрд сом. Чыгаша 149,3 млрд сомду түздү. Сырткы карыз Ички дүң продуктуга карата азайып жатат. Эгерде, 2018-жылы ИДП 47 пайызды түзсө, 2019 -жылы ал 45,5 % болду. Өткөн жылы 26,1 алтын казылган. Казыналыкка 12,9 млрд сом салык түшкөн. Өндүрүштүн көлөмү 19, 9 млрд сомго барабар болду.

Кумтөрдөн көз карандылыкты азайтып, мамлекеттин үлүшүн көбөйтүү боюнча иштер аткарылды. Кумтөрдүн шахталарында 7, 4 тонна алтын казылып алынды. Айыл чарбасы 220 млрд сомго товар өндүрүп, мурдагыдан 2, 6 пайызга көбөйдү ал эми ИДПнун үлүшү 12% түздү.

Премьер-министр 2019-жылы саламаттыкты сактоо системасына 14, 6 млрд сом сарпталганын маалымдады.

-Мамлекеттик инвестициондук программанын алкагында 1, 9 млрд сом тартылды, - деп сөзүн улантты Абылгазиев. - 840 млн сом 1517 бейтап үчүн акысыз гемодиализге жумшалды. Биз эң көп колдонулган жана биринчи керектөөдөгү дары-дармектердин баасын 25-50% азайттык.

Абылгазиев мугалимдердин эмгек маянасы жогорулаганын эске салды.

- Билим берүү тармагына 35 млрд сом бөлдүк, - деп белгиледи ал. - Мугалимдердин эмгек маянасы жогорулады. Мамлекеттин камкордугуна алынган жарандардын жалпы саны - 1, 1 млн: 402 миң адам жөлөкпул алышат, пенсионерлерибиз -676 миң адам. 1-декабрдан тарта, эгерде бир үй-бүлөдө бир маалда үч же андан көп бала төрөлсө, ар бир балага 50 000 сом өлчөмүндөгү бир жолку «балага жөлөкпул» берилет. Орточо пенсия 5 763 сомду түздү. Жашоо минимунан ах пенсия алган пенсионерлердин саны 38%дан 36%га азайды.

Кабминдин башчысы 5 ири маданий объектилердин ремонтуна бюджеттен 301 миллион сом бөлүнгөнүн белгиледи. 11 маданий мекеменин кызматкерлеринин эмгек маянасы 80 пайызга жогорулаган. Жалпы жонунан маданият тармагынын бюджети 2, 4 миллиард сомду түзгөн.

- Бажы системасы боюнча, посттордо видеокамералар орнотулду, - деди премьер. - Инспекциялык комплекстер орнотулду. Бажы көзөмөл күчөтүлөт, товарларды жаап-жашырууга жол бербейбиз.

Муну менен бирге Мухаммедкалый Абылгазиев 2020-жылдын 1-июлунан тарта бардык май куюучуу жайларда автоматташтырылган система киргизилерин маалымдады. Алкоголдук жана тамеки продукцияларына санариптик маркировканы милдеттүү түрдө колдонуу боюнча пилоттук тесттер жүргүзүлдү, 2020-жылдын 1-июлунан тартып ишке кирет.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх