Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖАМК Бишкектин № 1- тергөө абагына укук коргоочуларды түшүнбөстүктөн улам киргизбей коюшканын түшүндүрдү

Мекеме Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрүнө каалаган убакытта изоляторлор менен түзөтүү абактарынан кабар алып кетүүнү сунуштады

Кечээ Кыйноолордун алдын алуу боюнча улуттук борбордун өкүлдөрү СИЗО-1ге кире албай койгону боюнча Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы төмөнкүдөй түшүндүрмө берди:

Кечээ түшүнбөстүк орун алды, анткени, санитардык күн болгондуктан, СИЗО-1дин ичинде жана короосунда дезинфекция иштери жүрүп жаткан, буга байланыштуу Кыйноолордун алдын алуу борборунун өкүлдөрүн изолятордун аймагына киргизбей коюшкан.

ЖАМК кечээ мындай окуя орун алганына өкүнөт жана аталган борбордун өкүлдөрүн каалаган маалда СИЗО-1ге жана ЖАМКнын башка мекемелерине келип кетүүнү суранат.

Кечээ, 12-майда Равшан Жээнбеков, Фарид Ниязов, Фархат Баабиев, Сапар Исаков, Карыпбек уулу Рысбек, Канат Осмоналиев, Мээрбек Мискенбаев жана Канат Сагымбаевден COVID-19га ПЦР анализдер алынган. Бардыгы таза чыкты.

Эске салсак, КСДПнын айрым мүчөлөрү Сапар Исаков, Канат Сагымбаев жана башкалар коронавируска чалдыкканын айтып чыгышкан.

ЖАМК COVID-19 боюнча жалган маалымат таратуу үчүн мыйзам чегинде жоопкерчилик каралганын эске салат.

ЖАМК басма сөз кызматы
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх