Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин вице-мэри: Өзгөчө абалдан өзгөчө кырдаалга өтүүнү көптөгөн жарандар жеңилдетүү катары кабыл алышты. Андай эмес

Азиз Алымкулов түн ичинде бейбаштык кыла баштаган айдоочуларга кайрылды

Бишкекке кирүүдө коронавирустук инфекция жок деген справканы көрсөтүүнүн кажети жок. Бул тууралуу брифингде борбор калаанын вице-мэри Азиз Алымкулов билдирди.

- Бишкекке кирип жатканда коронавирустук инфекция жок деген ПЦР анализдин жыйынтыктарын көрсөтүүнүн кереги жок. - Жумушунан алынган маалымкат, паспорт жана маршруттук баракча жетиштүү.

Ал шаардын кире бериштеринде 16 пост орнотулганын эске салды.

- № 3-буйруктун негизинде шаардын кире беришинде 16 карантиндик-санитардык посттор орнотулган, - деди ал. - Бардык посттор Чүй облусунун аймагында экенин белгилеп кетейин.

Мындан сырткары, Алымкулов акыркы күндөрү бир нече жаш айдоочу түн ичинде шаарды кыдырып, бейташтык кылганына көңүл бурду.

- Түн ичинде унаа менен шаардын ичинде жүргөндөргө кайрылат элем, - деди вице-мэр. - Кечээ биз бейбаштык кылгысы келип, автоунаасын айдап чыккандар көбөйүп жатканын байкадык. Жаштар, өзүңөрдүн жана ата-энелериңердин коопсуздугун ойлогула. Силердин мындай аракеттериңер оор кесепеттерге алып келиши мүмкүн. Карантин режимин сактап, үйдө болгула. Өзгөчө абалдан өзгөчө кырдаалга өтүүнү көптөгөн жарандар жеңилдетүү катары кабыл алышты. Андай эмес.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх