Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бекешев - премьерге: Беткаптын жоктугу үчүн кантип адамдарга айып пул саласыңар? Анда элге бекер тараткылар

Абылгазиев буга жооп катары беткап сатып албаш үчүн көчөгө чыкпай, үйдө отурууну сунуштады

Коронавирус жөнөкөй жарандардын башына түшкөн дагы бир салык болду. Бул тууралуу парламенттин жыйынында ЖКнын депутаты Дастан Бекешев билдирди.

- Беткабың жокпу - айып пул төлөйсүң, справкаң жокпу -кайра штраф, унааң жокпу - жөө жүрбө, - деп белгиледи парламент мүчөсү. - Бул туура эмес да. Өзүңүздөр буга кандай карайсыздар? Башка мамлекеттерге окшоп бекер беткап таратып анан айып пул сурагыла да.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев чектөөлөр жарандардын саламаттыгын камсыздоо максатында кабыл алынганын белгиледи.

- Беткаптар менен санитардык эрежелерди сактоо боюнча - бул жарандардын коопсуздугу үчүн кабыл алынды да, - деди кабминдин башчысы. - Жаран үйүнөн чыкпасын, ошондо беткап тагууга туура келбейт. 15 сомго беткап сатып алуу менен адамдар биринчи кезекте өзүнүн ден-соолугуна кам көрөт.

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов көптөгөн жарандарда бул оору белгилери жок өтөрүн парламент мүчөсүнүнүн эсине салды. Ал депутаттарды өкмөт кабыл алган чараларды колдоп, элге жеткирүүгө жардам берүүгө чакырды.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх