Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жанар Акаев: Аткезчилер Ак үйдөгү депутаттарга бензин сатсын, ошол эле калды

Парламент мүчөсү премьерге Финполициянын, монополияга каршы күрөшүү жана салык кызматынын жетекчилерин кызматтан алып, чечкиндүү кадам жасоону сунуштады

Бишкек менен анын тегерегинде бензин контрабандасы болушунча иштеп жатат. Бул тууралуу парламенттин жыйынында депутат Жанар Акаев билдирди.

- Ал аткезчилер биротоло Ак үйгө келип, депутаттарга бензин сатсын, ошол эле калды, - деп ачууланды парламент мүчөсү. - Эксперттердин айтымында күйүүчү майдын аткезчилигинен жылына бюджетке 5 млрд сомго жакын каражат түшпөй калат экен. Монополияга каршы күрөшүү кызматынын, Финполициянын, салык кызматынын 3-4 жетекчисин ээлеген кызматтарынан бошоткула. Ушундай чечкиндүү кадам жасаганда контрабанда токтойт. Бул мекемелердин келе турган жетекчилерине аткезиликти токтот деп тапшырма бергиле. Баткенде 4 айдын ичинде 22 факты аныкталды. Бул 22 фактыны бир күндө эмес, түшкө чейин эле жасап койсо болот. Бюджетти толтуруу үчүн контрабанда менен күрөшүү зарыл. Катуу талаптарды койгула жетекчилерге, жакпаса -кызматтарынан алгыла.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх