Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовдун соту. Бишкек шаардык соту айыпталуучуларды суракка ала баштады
Кийинки отурум 20-майга белгиленди
Бишкек шаардык сотунда Бишкектин мурдагы мэрлери Албек Ибраимов менен Кубанычбек Кулматовду айыптоо боюнча кылмыш иши каралууда.
Бүгүн, 13-майдагы отурумда соттук коллегия айыпталуучуларды суракка алууну баштады. Алты адам сурак берди.
Жакточулардын башка соттук иштерде болгондугуна байланыштуу, соттук угуулар 20-майга саат 10го жылдырылды.
Жогорку соттун басма сөз кызматы
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз