Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Гаипкулов: Паракорлорду кармаш үчүн ЭКККМК фирмалардан карызга акча алганга аргасыз

Мындай факты туурасында маалыматы жок экенин айткан “Финполдун” өкүлү эл өкүлүнүн каарына калды

ЖК депутаты Искендер Гаипкулов “Ата Мекен” фракциясынын жыйынында ЭККМК (Финполиция) ыкчам-иликтөө амалдарын өткөрүү үчүн карызга акча алып, кийин алар далил буюмдар катары тура берерин айтып чыкты.

- Финполицияга паракорчулук, опузалап акча талап кылуу фактылары боюнча ыкчам-иликтөө амалдарына депозиттик эсеп берилбейт, - деди эл өкүлү. ЭКККМК бул маселе менен Минфинге кайрылганын айтып жатат. Бул бир эле буйрук менен чечилчү маселе да. Бул көйгөйдү чечүү зарыл, анткени, азыр алар кимдир-бирөөнү пара менен кармаса, бирөөлөрдөн карызга акча алып анан кармашат экен. Акча болсо аларда далил буюм катары жата берет. Андан кийин 2-3 жыл сот жүргүчө ошол карызга алган акчаларын кайтара албай кыйналышат. Туурабы, ЭКККМК?

Финполициянын өкүлү алар пара менен кармоо боюнча операцияларды жүргүгүү үчүн карызга акча алышпаганын айтып жооп берген.

- Ошто силер 300 000 сом пара менен кармагансыңар, - деп уланткан Гаипкулов. Фирмадан карызга акча алгансыңар. Азыр ошол акча силерде далил буюм катары жатат. Анда бул маалыматты жетекчиңерден тактагыла. Мен бир нече жолу силердин жетекчилик менен сүйлөшкөм. Алар депозиттик эсеп боюнча бир нече жолу Минфинге кайрылышканын, бирок, чечим болбогонун айтышты. Силер акчаны ыкчам колдонуп, кайра ордуна коюп койгондой кошумча акча сакталып турууга тийиш. Сиз болсо бул жөнүндө билбейт да экенсиз. Орун басары жетекчилиги билгенин билбейт. Анда орун басарлардын эмне кереги бар? Мен фактыларды көрсөтө алам. Бул уят да, мамлекеттик органсыңар го.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх