Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Саясий жана системалык коррупцияга каршы күрөш дегендин бизде аты эле бар. Коомдук ишмер «Чоң Казаттын» лидерлерин этият болууга чакырды

«Алар элдик мүлктү талап-тоноп келишкен. Алар бийликтин жогорку бутактарында болчу, азыр деле түшүшкөн жок»

«Чоң Казаттын» лидерлери ишенимсиз тарапташтары менен баарлашууда этият болушпаса, «Элдик парламенттин» тагдырын кайталап калуулары мүмкүн. Бул тууралуу «Таза Кол» коррупция менен күрөшүү фондунун төрагасы, коомдук ишмер Расул Үмбөталиев билдирди.

Анын айтымында «Чоң Казаттын» соцтармактардагы «ачуу чындыктары» элдин эле эмес, Жогорку Кеңештин депутаттарынын, көзөмөл жана укук коргоо органдарынын, ошондой эле атайын кызматтарын көңүлүн бурду.

«Чоң Казат» – бул кыргыз элинин душмандарга каршы улуу жүрүшү, - деди коомдук ишмер. - Кыргыз жигиттери кылымдар бою эли-жерин коргоп келишкен. Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда биздин чоң энелер менен апаларыбыз колдоруна кетмен-күрөк кармап, эгин талаарына - келемиштерге каршы улуу жүрүшкө чыгышкан. Алар келемиштердин ийиндерин казып, 5-6 кап буудайдан табышкан».

Бүгүнкү душмандар - улуттук байлыктарды талап-тоноп, «ийиндерине катып алган» олигархтык кылмыштык топтор, дейт ал.

2016-жылдын апрелинде «Элдик парламент» коомдук кыймылы түзүлүп, алардын мүчөлөрү президент Алмазбек Атамбаевдин отставкага кетип, кылмыш жоопкерчилигине тартылышын талап кылышкан.

«Атайын кызматтар «Элдик парламенттин» кеңселерине, телефондоруна тыңшагычтарды орнотуп, лидерлерин күнү-түнү аңдып калышкан, -деп эскерди Үмбөталиев. – Мамлекеттик ЖМКлар менен айрым «көз карандысыз» гезиттер менен сайттар бирикменин мүчөлөрүнө каршы маалыматтык согуш башташкан».
2016-жылдын 14-майында «Элдик парламенттин» жетекчилерин «бийликти күч менен басып алууга» шектеп, камап салышат.

«Таза Колдун» башчысы «Чоң казат» коомдук бирикмесинин кеңселеринде да тыңшагычтарды коюп, телефондорун, ал тургай What’sApp тиркемелерин дагы текшерип, ал эми лидерлерин аңдып башташты го деген пикирде. Жашыруун информаторлор деле болушу мүмкүн, - дейт ал.

«Чоң Казаттын лидерлери» сан жеткис байлыктарга мыйзамсыз жол менен жеткен  35 баштуу ажыдаардын куйругун таамай басып алды, - деп жазат коомдук ишмер. - Алар канча жылдар бою элдик мүлктү талап-тоноп, келемиштер ийиндерине ташыгандай, өздөрүнө ташып келишкен. Кыймылсыз мүлктөрдөн сатып алып, чет мамлекеттерде бизнес курушкан, асман чапчыган бюджеттик каражаттарды оффшордук аймактарда которуп келишкен. Ошол эле маалда мурда деле, азыр дагы бийликтин жогорку бутактарында отурушат, демек саясий жана системалык коррупцияга каршы күрөш дегендин бизде аты эле бар. ».

Андыктан, Расул Үмбөталиев «Чоң Казаттын» лидерлерине такталбаган тарапташтары менен этият мамиле кылууну сунуштап, көптөгөн лидерлер туура эмес адамдарга көрсөткөн ашыкча ишенимдери үчүн темир тор артында калышканын эске салды.

«Өзгөчө абал жана ыйык Орозо айы аяктагандан кийин «Таза Кол» фонду Кыргызстандын экономикасындагы башкы субъектилердеги коррупциондук схемаларды аныктоо боюнча иликтөөлөрүн улантат», - деп сөз берди ал.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх