Кой-Таш окуялары боюнча соттук иш: 150дөй киши Атамбаевди бошотуу талабы менен чогулду
Соттук териштирүүнүн жана баш коргоо чарасанын мөөнөтү эки айга узартылды
Бишкектин Биринчи май райондук сотунда бүгүн Кой-Таш окуялары боюнча кылмыш ишинин соттук отуруму болуп өтүп, анын жүрүшүндө судья териштирүү мөөнөтүн 2020-жылдын 23-июлуна чейин узартты. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына экс-президент Алмазбек Атамбаевдин кеңешчиси Кундуз Жолдубаева билдирди.
- Атамбаев ден-соолугуна байланыштуу сотко келе алган жок, отурум ошондуктан жылдырылды, - деди ал. Ошондой эле сот бүгүн эки айыпталуучунун баш коргоо чараларын эки айга жылдырды.
Биринчи май райондук сотунун имаратынына алдына айыпталуучулардын 150дө тарапташтары, туугандары чогулду.
- Чогулгандар саясий камактагыларды бошотууну талап кылышты, - деп тактады ал.
Зулайка Эркимбаева
Фото www