Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ИИМ: Карантин маалында иштеген коомдук тамактануу жайлары жазаланат

Ички иштер министринин орун басары 65 жаран санитардык-карантиндик эрежелерди бузганы боюнча жоопкерчиликке тартылганын билдирди

Айрым көңүл ачуучу жайлар менен кафелер карантинге карабай иштеп жатат. Бул тууралуу брифингде ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов билдирди.

Анын айтымында тартип бузуучулар жоопкерчиликке тартылат.

-Бүгүнкү күнгө карата биздин өлкөнүн айрым шаарларында көңүл ачуучу жайлардын, кафе менен ресторандардын ээлери да карантиндик-санитардык эрежелерди бузушууда, - деди Каниметов. - Кечинде ифтар уюштуурууга шарттарды түзүп жатышат. Алар жоопкерчиликке тартылат.
Мындан сырткары, ал кээ бир жарандар карантиндик режимди бузуп жатышканын кошумчалады. 65 жаран жоопкерчиликке тартылды.

Эльдос Казыбеков
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх