Кой-Таш окуялары боюнча сотто 300дөн ашык күбө Атамбаевге каршы көрсөтмө беришет
Жактоочу тараптын тизмесинде 100гө жакын күбө бар
Кой-Таш окуялары боюнча сотто 400дөн ашык күбө көрсөтмө берет. Бул тууралуу Vesti.kg сайтына мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин жактоочусу Замир Жоошев билдирди.
Ал айыптоочу тараптын 304 күбөсү бар экенин айтып берди. Аладын ичинде 96 милиция кызматкери, 61 УКМКнын кызматкери, анын ичинде "Альфа" спецназынын жоокерлери, 86 медициналык кызматкер жана башка күбөлөр бар.
- Менимче күбөлөрдүн саны өтө көп эмес, анткени, окуялар абдан орчундуу, - деди ал. Жактоочу тарапта 100гө жакын күбө бар.
Жоошев соттук процесс дагы көпкө узарарын, анткени, негиздүү бир дагы отурум али өтө электигин кошумчалады.
Гулиза Чудубаева
Фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз