Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Матраимов: Прокуратуранын көптөгөн тергөөчүлөрү УКМКга иштегени баргылары келбейт, анткени, алардын аскердик наамдары ал жактан төмөндөп калат

Башкы прокурор анын кызматкерлери эмгек маяналарыбыз кыскарып калат деп, башка түзүмдөргө баргылары келбегенин моюнга алды

Депутат Искендер Матраимов Жогорку Кеңештин укук коргоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жыйынында бардык укук коргоо органдарында эң тажрыйбалуу кызматкерлер гана тергөөчүлөр болушу керектигин билдирди.

- Бүгүнкү күндө эң чоң иштерди УКМК тергейт, - деди парламент мүчөсү. - Мурда андай эмес болчу, чоң-чоң иштерди Башкы прокуратура тергечү. Менимче прокуратура болобу же ИИМ болобу - эң тажрыйбалуу гана адамдар тергөөчү болушу керек. Бүгүн УКМКга тергөөчү болуп барам дегендер ал жакка өздөрүнүн атайын наамдары менен барышпайт. Мисалгы, эгерде алар прокуратурада полковник же подполковник болушса, УКМКда лейтенанттан баштап калышат. Кээ бир органдар биздин сунушту терс кабыл алышкан экен.

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов прокуратуранын айрым тергөөчүлөрү иштерди тергегилери келет, бирок, тергей алышпай, ошондуктан башка мекемелерге иштегени кетишерин айтып, Матраимовго жооп берген.

- Бизде Аскердик прокуратура бар, - деп эске салган башкы прокурор. - Ал жакта аскердик наамдар, ал эми бизде класстык чиндер ыйгарылат. Кийин мисалга, эгерде биздеги полковник ошол эле кызматка Аскердик прокуратурага барса, ал ал жерден лейтенант же ага лейтенант болот. Эмгек маянабыз кыскарып калат деп тергөөчүлөр баш тартат. Биз силерди колдойбуз жана кызматкерлерде стимул болсун деп сунуш киргизгенбиз. Силер туура айтасыңар - биздин тергөөчүлөр эң күчтүү, ар кайсы облус, башкармалык же бөлүмдөрдөгү тергөөчүлөр иштерди тергегиси келет - бирок тергей алышпайт, андыктан башка түзүмдөргө иштегени кетишет.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх