Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мирлан Жеенчороев: Кара-Балтада прокуратура кызматкеринен COVID-19 аныкталды

Башкы прокурор ал кызматкер бүгүн ооруканадан чыгарылып, ал эми кесиптештери үйлөрүнө жиберилгенин айтты

ЖМКдан Жайыл райондук прокуратурасынын прокурору же кызматкери COVID-19 менен ооруканада жатканы белгилүү болду. Бул тууралуу ЖКнын укук коргоо, кылмыштуулукка каршы күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин жыйынында депутат Мирлан Жеенчороев билдирди.

Парламент мүчөсү жарандын абалы кандай экенине кызыгып, ошондой эле Башкы прокуратура кесиптешинин үй-бүлөсүнө кандай жардам көрсөткөнүн сурады.

- Аталган кызматкердин дарылануусу аяктады, - деп жооп берди Өткүрбек Жамшитов. Аталган факт боюнча териштирүү жүрүп жатат. Жергиликтүү прокуратуранын бардык кызматкерлери дароо үйлөрүнө коё берилген. Илдетке чалдыккан кызматкер кийин дагы жумушка келгени белгилүү болду. Учурда анын абалы канааттандырарлык. Ага эмгек маянасы өз маалында берилди.

Мирлан Жеенчороев иш ордунан коронавирус жуктурган учурда жергиликтүү прокуратуранын башка кызматкерлерине дагы компенсация төлөп берүү маселесин ойлонуштуруу керек экенин белгиледи.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх