Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Донордук акчалар: Кыргызстандын бийлиги эл аралык институттардан кредиттерди эмне максаттарга сурап, кийин кандайча коротуп жатышат?

Эл аралык валюта фондунун биринчи траншынынын 102ден бир бөлүгү гана калкты түздөн түз колдоого жумшалган

Кыргызстан бүтүндө дүйнө сыяктуу эле коронавирус пандемиясынын айынан кыйынчылыктарды башынан өткөрүп жатат. Чек аралар жабык, өкмөт дээрлик эки айга жиберген “өргүү” - бизнес болуп көрбөгөндөй алсырады. Ал эми ишсиз отуруп калган жөнөкөй жарандар мамлекеттен жардам күтүүдө белдерин бекем бууганга аргасыз.


Бийликтегилер канчалык элге, бизнеске сөзсүз жардам болот деп төштөрүн каккылашканы менен - чынында жардам алигиче жок. Өкмөт эки кризиске каршы план кабыл алууга жетишти, мына-мына үчүнчүсү турат, бирок, коомчулукка сунушталган документтердин биринде дагы негиздүү чаралар жок.


Брифингдердин биринде вице-премьер-министр Эркин Асрандиев моюнга алган: «Өкмөт өнүккөн өлкөлөргө окшоп салык төгүмдөрүнөн толук бошотуп же бизнеске кайтарымсыз кредиттерди бере албайт. Биздин бюджеттин мындай чамасы жок, абалды туура түшүнүү керек».
Минфиндин эсептөөлөрү боюнча казынанын дефицити ансыз деле быйыл рекорддук 28,4 млрд сомду, башкача айтканда ИДПнын 4, 9 пайызын түзөт.


Казынадагы тешикти мамлекет өз алдынча жаба албай турганы түшүнүктүү. Коронавируска каршы күрөшкө гуманитардык жардам менен дарыгерлерге кошумча төлөмдөрдү төлөө үчүн өлкө жетекчилиги бизнестен акча чогултуп отурса анан башка эмне дей аласың..

Калыстык үчүн айтыш керек, эсепке мамлекеттик ишканалар менен мекемелер деле которушту, бирок, баары бир басымдуу көпчүлүк - бизнестин салымы. Андыктан, өкмөт бюджеттин жоготуулары турган иш экени түшүнүктүү болуп калганда донорлорго кайрылганына таң калбай деле койсо болот.


Кыргызстан жалпысынан эл аралык институттардан 462 млн 580 миң. 414 доллар алганы жатат. Сомго которгондо - 35 млрд 590 млн 937 миң сом. Негизи, бул акча бюджетти толук жаап, дагы 7,15 млрд сомду ашырып калганга жетмек. Мындан сырткары, 14-майда Бүткүл дүйнөлүк банк Кыргызстандын экономикасын калыбына келтирүүгө дагы 250 млн доллар бөлөрү белгилүү болду.


«Бул долбоорлор жеке жана финансы секторлорду колдоого, ишке орноштурууга, социалдык жардам программаларына, билим берүүгө, айыл чарбасына жана азык-түлүк коопсузудугуна багытталат», — деп тактаган Дүйнөлүк банктын Борбордук Азия боюнча аймактык директору Лилия Бурунчук.

Каражаттардын көбү, тагыраагы 352 млн 772 миң. 914 доллар же донордук жардамдын 76,3 пайызы кредиттер экенин белгилей кетүү керек. Алгандын бермеги бар дегендей.
Башкача айтканда, өлкөнүн жаңы карыздарын эсепке алганда Кыргызстандын ар бир жараны шарттуу түрдө 775 доллар кайтарышы керек.

Өкмөт республикага убадаланган каражаттан Эла аралык валюта фондунан 243 млн доллар түшкөнүн айтууда, анын ичинен 120,8 млн доллар - бул марттын аягында түшкөн биринчи транш, ошондой эле 13-майда 121, 1 млн доллар өлкөмүндөгү экинчи транш.

Белгилей кетсек, алгач Эл аралык валюта фондунун биринчи траншы 121 млн 98 миң 957 долларды түзөрү белгиленген. Демек, жок жерден биз 249 миң 911 доллар же 19, 2 млн сомду жоготуп койдук.

«Эл аралык валюта фондунан түшкөн биринчи траншынан түшкөн акча бюджетти колдоого - чыгашалардын корголгон беренелерин каржылоого, саламаттыкты сактоо тармагына жумшалды», —Каржы министрлигинин кыскача берген жообу ушул.

Эл аралык валюта фондунун биринчи траншы кандайча сарпталды?

Бирок, коомчулук мындай жоопко канааттанган жок. Эл өкмөттөн акча кайда кеткени боюнча так маалыматты талап кылды. Акыры кабмин 7-майда түшүндүрүү берди.
«Акча 1 доллар =84,87 сом курсу менен улуттук валютага которулуп, ошондо түшкөн акча 10 млрд 256,6 млн сомду түзгөн», — деп билдирди өкмөт.

Анткен менен өкмөт акчаны ыңгайлуу курс менен которуптур. 31-мартта акча эсепке түшкөн кезде Улуттук банктын курсу 80,81 сомду түзүп турган, 5 күндөн кийин гана баасы 84,8713 сомго көтөрүлгөн. Бир күн мурда которушканда дагы 3, 3 млн сом уттурушмак.

Акчанын көбү, тагыраагы - 8 млрд 896,8 млн сомду өкмөт республикалык бюджеттин чыгашаларын жабууга жумшоону чечкен. Бул акча казынанын милдеттеринин 70, 65 пайызын камсыздоого жетмек.

«Апрелдин аягына карата Эл аралык валюта фондунан 1 млрд 359,8 млн сом каражат калган. Ал 2020-жылдын май айында республикалык бюджеттин социалдык маанилүү чыгашаларына жумшалат», — деп жыйынтыкташкан өкмөттөн.
Ошентип, Кыргызстанга Эл аралык валюта фондунан берилген акчадан калкты түздөн түз колдоого (мисалы, азык-түлүк сатып алууга) кредиттин 102ден бир бөлүгү жумшалган.
Мамлекет донорлордон акча сурап отурган күндө, кийин жөнөкөй жарандар бийликтен жардам күтпөй эле коюшу керектиги түшүнүктүү.

Мамлекет донорлордон сураган жардамдын болгону 3,7 пайызын ээлеген «Башка» категориясына Европалык союздун 10, 45 млн доллар өлчөмүндө социалдык коргоо тармагына берген грант кирет.

Экинчи транш боюнча өкөмт азырынча отчет бере элек.

Калкка колдоо көрсөтүү мамлекет үчүн приоритеттүү эмес. Жогорку трибуналардан чакан жана орто бизнеске жардам көрсөтүү өтө маанилүү экенин канча жар салышпаганын, бизнестин бул тармактарына да колдоо артыкчылыкка ээ эмес. Өлкөнүн жетекчилиги сар-санаа болгон жалгыз маселе - бюджет.

Албетте, казына - социалдык жөлөк пулдарды, пенсия жана бюджет кызматкерлеринин эмгек маяналары ичинде болгон чыгашалардын корголгон да беренелери. Бирок, анын басымдуу бөлүгү же 62, 4 пайызы ашкере көп чиновниктик аппараттарды камсыздоого кетет. Чыгашалар коомчулукка эң керектүү болгон мекемелер - Саламаттыкты сактоо министрлиги, Билим берүү министрлиги жана Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалыматтарысыз эсептелгенин белгилей кетүү маанилүү.

Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх