Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мурдагы «Ганси» авиабазасындагы обсервацияда дарыгерлерге кол салган жарандар үйлөрүнө жиберилет

Коронавирус аныкталган 43 бейтап менен байланышта болгондордун башкалары үйлөрүнө кетет

Мурдагы «Ганси» авиабазасындагы обсервацияда дарыгерлерге кол салган жарандар үйлөрүнө жиберилет. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады.

19 жаран көзөмөл алдында калары белгиленет, анткени, алар бүгүн коронавирус аныкталган 43 адам менен байланышта болгондордун тизмесинде.

- «Манас» аэропортундагы «Семетей» обсерваторундагы түзүлгөн кырдаалга байланыштуу Соль-Илецк шаарынан кайтып келген жарандарды жашаган жерлери деп билдиришти штабдан.

Эске салсак, мекенине кайткан кыргызстандыктардын обсерватордон качуу аракети буга чейин да орун алган.

Бүгүн болсо бир нече адам медициналык кызматкерлерге кол салып, тез жардам унаасын ургулашкан. Алар өздөрүн үйлөрүнө жиберүүнү талап кылышкан.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх