Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Масалиев: Президент өзүнүн көз карашын билдиргенден кийин көптөгөн депутаттар өз пикирлерин өзгөрттү

ЖКнын профилдик комитети шайлоо босогосун 5 пайызга чейин азайтуу боюнча мыйзам долбоорун карап баштады

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде «Кыргыз Республикасынын Президентин жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоо жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын долбоору каралууда (биринчи окууда кароо).

ЖК депутаты Исхак Масалиев аталган мыйзам долбоорунун негизги сунуштарын тизмектеп берди. Парламент мүчөлөрү саясий партиялар үчүн шайлоо босогосун 5 пайызга чейин азайтууну сунушташууда.

Анын кесиптеши Алтынбек Сулайманов депутаттар, балким 7 пайыздык босого чекти колдошорун айтып жооп берди. Ал эми депутаттык комиссия тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору колдоо таппай калышы мүмкүндүгүн белгиледи.

Исхак Масалиев буга парламент мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн 7 пайызга ыктап баштаганын себеби - мындай пикирди мамлекет башчысы буга чейин билдиргенинен деп ага жооп берди.

- Сиздин айтканыңыз ачуу чындык экенин жакшы түшүнүп турам, - деп жооп берген Масалиев. - Бул көпчүлүктүн пикири. Силердин кесиптештериңер тарабынан демилгеленип, декабрдан баштап ушул күндөргө чейин каралышы созулуп кеткен долбоор - абройго карата чоң сокку. Биздин президент өз пикирин ачыктагандан кийин көптөгөн депутаттар да ошондой көз карашка ыктап башташканын түшүнүп турам.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх