Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК комитети шайлоо босогосун 5 пайызга азайтуу боюнча мыйзам долбоорун колдогон жок

Исхак Масалиев менен Наталья Никитенко гана макул деп добуш беришкен

Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитетинде депутаттардын көпчүлүгү саясий партиялар үчүн шайлоо босогосун 5 пайызга чейин азайтууга каршы добуш беришти.
ЖК депутаты Наталья Никитенко - аталган мыйзам долбоорунун демилгечилеринин бири болчу.

- Депутаттар биринчи окууда жети пайыздык босого чек үчүн добуш берип, бардыгы 9 пайыз өтө эле жогору босого чек экенине макул болушкан, - деди эл өкүлү. - Бул чынында эле демократиялык принциптерге кедергигисин тийгизип, монополизацияга алып келиши мүмкүн. Биздин мыйзам долбоорун концепциясы да дал ушундай - 9 пайыздык босого чекти азайтуу, эмнеге ага каршы чыгып жатышканы мага түшүнүксүз. Айырма сандарда гана - 7 же 5. Эгерде мыйзам долбоору талкууга өз маалында түшкөндө, ал колдоого алынмак. Бүгүнкү күндө коомдук пикир да ушул - күчтүү жаңы саясий күчтөр менен адамдардын парламентке келүүгө мүмкүндүк алышы керек.

Бир катар депутаттар босого чекти 5 пайызга чейин азайтуу олуттуу өзгөрүүлөргө деле алып келбейт деген пикирлерин билдиришти.

Мыйзам долбоорунун талкуулангандан кийин профилдик комитеттин мүчөлөрүнүн көпчүлүгү босого чекти 5 пайызга чейин азайтууга каршы добушун беришти. Макул деп эки гана депутат - Исхак Масалиев жана Наталья Никитенко добуш берген.

“Се ля ви”, - депутат Масалиев добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча социалдык тармагындагы жеке баракчасына ушундай пикирин калтырган.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх