Башкы прокурор коррупцияга аралашып, өлкөдөн качкан адамдарды азырынча экстрадиция кылууга мүмкүн болбогонун моюнга алды
Өткүрбек Жамшитовдун айтымында өткөн жылы чет өлкөлөрдө жазасын өтөп жаткан 144 жаран мамлекетке кайтарылган
Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов ЖКнын профилдик комитетинин жыйынында 2019-жылдын жыйынтыгы боюнча чет өлкөлөрдө жазасын өтөп жаткан 144 жаран Кыргызстанга кайтарылганын маалымдады.
ЖК депутаты Жыргалбек Турускулов башкы прокурордон коррупцияга аралашып, өлкөдөн качып кеткен жарандардын Кыргызстанга кайтарылышы боюнча суроо узатты.
- Жок, бүгүнкү күнгө карата мындай жарандарды экстрадиция кыла элекпиз, - деп жооп берди Жамшитов. - Бажычылардын иши боюнча чет өлкөдө жүргөн Адамкул Жунусовду кармаганбыз. Учурда бул иш аягына чыга элек. Башка кылмышкерлерди азырынча кайтара элекпиз. Мисалга, Шадиев издөөгө салынган. Ага сыртынан айып коюлуп, мүлкү конфискацияланган. Бүгүнкү күнгө карата ошондой эле «Мыйзамсыз баюу» боюнча соттор жүрүп жатат.
Медина Купсулдаева
Фото www