Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда кафе, базарлар жана коомдук транспорт 25-майдан тарта иштей баштайт

Коомдук транспортторго аралыкты сактап, бет капчан түшүү зарыл

Кыргызстанда кафе, базарлар жана коомдук транспорт 25-майдан тарта иштей баштайт. Бул тууралуу бүгүн брифингде биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында 21-майда ишмердүүлүгү жанданат деп пландалган тармактар эки этапка бөлүнгөн.

- Үстүбүздөгү жылдын 21-майында соода борборлору иштей баштайт, бирок, алардагы фудкорттор (коомдук тамактануу түйүндөрү), ошондой эле балдар аянтчалары азырынча ачылбайт, - деди ал. - Ошондой эле, Калкты тейлөө борборлору, автоунааларды каттоо органдары, бут кийим, саат оңдоочу жайлар, эмерек жасоочу цехтер, мал базарлар, жеке мончо жана спа, ошондой эле мейманкалардын иши жанданат, бирок, алардын ичиндеги бассейн жана спортзалдар жабык болот.

Боронов экинчи этаптын алкагында кайсы ишканалар иштей баштарын айтып берди.

- 50 орундан ашпаган жайкы кафе жана коомдук тамактануу жайларына уруксат берилет, - деп тактады ал. - Стөлдөрдүн ортосундагы аралык бир жарым метрден кем эмес болушу керек.

Муну менен бирге 25-майда коомдук транспорт, галереялар, китепканалар, музейлер, Дордой жана Ортосай базарлары иштей баштайт.

- Коомдук транспортто дагы аралыкты сактоо жана милдеттүү түрдө бет кап тагуу милдеттери сакталат, - деди Боронов.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх