Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Депутат Мамашова: Бизде эмне, зордуктоо Кылмыш кодексинен чыгып калды беле?

Парламент мүчөсү 18 жаштагы кыздын үч эркек тарабынан зордукталганын айтып чыкты

Караколдо 2018-жылы үч эркек 18 жаштагы кызды топтошуп зордуктап салышкан. Бул тууралуу ЖКнын профилдик комитетинин жыйынында депутат Айсулуу Мамашова айтып чыкты.

- Сот ушул күнгө чейин жүрүп жатыптыр-, деген эл өкүлү. - Экспертиза жүргүзүлгөн., Бирок, анын жыйынтыктары эсепке алынган эмес. Сот мындай факты болгон эмес деп чечим чыгарган. Кантип ушундай болсун?! Тергөөчүнүн аты Мээрим Жаманакова, анын жоопкерчилиги сөзсүз каралууга тийиш. Зордуктоо топ адамдар тарабынан болгон, бирок, сотко чейин бир гана адам жеткен. Кийин ал дагы эркиндикке чыгып кетиптир. Бизде эмне, зордуктоо Кылмыш кодексинен чыгып калды беле? Бул факты боюнча бирөө жазаланабы?

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов зордуктоо боюнча фактылардын бардыгын көзөмөл органы текшерип турарын ишенимдүү айткан.

- Зордуктоого кабылган адамдар коркконунан муну жашырып, ачыкка чыгарбай келишет, - деп уланткан Айсулуу Мамашова. - Күнөөлүүлөр болсо эч кандай жазасын албай калышат. Ал эми ортодо адамдын тагдыры талкаланып жатат. Мындай учурлар абдан көп.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх