Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Башкы прокурор жарандар кайсы кылмыш иштеринде тергөө менен кызматташууга макул болушканын айтып берди

«Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, Чолпон-Атадагы ат майданы, тарых музейи, Кой-Таштагы окуялар боюнча кылмыш иштери»

Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укук маселелери жана Жогорку Кеңештин Регламенти боюнча комитеттин жыйынында бүгүнкү күндө тергөө менен кызматташуу 18 беренеде колдонуларын маалымдады.

- Негизинен коррупциялык кылмыш иштери боюнча келишимдер түзүлгөн, - деди көзөмөл органынын башчысы. - Бүгүнкү күнгө карата Батукаевдин мыйзамсыз бошотулушу, Чолпон-Атадагы ат майданы, тарых музейи, Кой-Таштагы окуялар боюнча кылмыш иштери боюнча жарандар кызматташууга макул болгон. Адамдар күнөөсүн толугу менен мойнуна алып, өзү жана башкалар катышкан коррупциондук схеманы толугу менен ачыктап берет.

ЖК депутаты Руслан Чойбеков иш жүзүндө тергөө менен кызматташуу канчалык туура чечим болуп жатканын сурады.

Алардын көрсөтмөлөрү башка далилдер менен катар жүрөт, - деп жооп берген Өткүрбек Жамшитов. - Алардын көрсөтмөлөрүнө баа берилет. Менимче, бул туура.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх