Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЖК депутаты: «Чоң Казат» кыймылынын чакырыктарында кылмыштын курамындары барбы?

Алмаз Орозалиев алардын чакырыктарына юридикалык баа берүү үчүн тийиштүү экспертизалар дайындалганын билдирди

ЖК депутаты Ирина Карамушкина парламенттин жыйынында «Чоң Казат» коомдук кыймылынын чакырыктарында кылмыштын курамындары барбы деген суроону ортого чалды.

- Кылмыш кодексинде «Зомбулукка чакырыктар» деген берене бар, - деп эске салды парламент мүчөсү. - Бүгүнкү күндө«Чон Казаттын» мүчөлөрү «ууруларды тоноого», башкача айтканда, мамлекеттик мүлктү уурдагандарды, байлыгын мыйзамсыз топтогондордун дүнүйөлөрүн тоноого чакырып жатат. Мындай чакырырыктар ушул беренеге киреби?

Ички иштер министринин орун басары Алмаз Орозалиев бүгүнкү күндө документтер даярдалып жатканын айтты.

- Юридикалык баа берүү үчүн тийиштүү экспертизалар дайындалды, - деди ИИМнин башчысынын орун басары. - Андан кийин бул чакырыктарда кылмыш курамдары барбы-жокпу түшүнүктүү болот.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх