Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дастан Бекешев: Биздин укук коргоо органдарыбыз DDoS-чабуулдарга туруштук бере алышпайт

УКМКнын өкүлү киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча иштер жүрүп жатканын ишенимдүү билдирди

Ата мекендик укук коргоо органдары DDoS-чабуулдарга туруштук берүүгө жетиштүү деңгээлде даяр эмес. Бул тууралуу парламенттин жыйынында ЖКнын депутаты Дастан Бекешев айтып чыкты.

- Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитет тарабынан кандай иш жүргүзүлүп жатат? - деп сурады ал. - ИИМ, УКМКнын кызматкерлерин чогулттуңар беле? Алардын мүмкүнчүлүктөрүн текшергенсиздерби?

Кудай сактасын, бирок, шайлоо маалында БШК менен Каттоо кызматынын сайттарын блоктоп салышса эмне болот?
Мындай учур болгон да. Анда бирок, ИИМ жеке жактар өздөрү бизге кайрылыш керек болчу деп кутулуп кетишкен.

Маалыматтык технологиялар жана байланыш боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Дастан Догоев киберкоопсуздукту камсыздоо боюнча стратегия кабыл алынганын, анын ишке ашырылышында башкы жөнгө салуучу мамлекеттик орган УКМК экенин парламент мүчөсүнө билдирди. Ал эми МТБМК колдоо көрсөтүүчү орган болуп саналат.

- Аталган стратегиянын алкагында биз иш жүргүзүп жатабыз, - деп жооп берди Бекешевге УКМкнын өкүлү. Пилоттук долбоор Экономика министрлигинде. Ушул күнгө чейин мониторинг жүргүзүлүүдө. Статистика чыгарылган. Ал жакта DDoS-чабуулдар эле эмес, фишингдик моменттер да бар. Экинчи планда салык жана БШК боюнча долбоор жүрүүдө. Карантинге байланыштуу азыр бул иштердин мөөнөтү кичине жылып калды. Бизде азыр компьютердик окуялар боюнча иштеген бөлүм бар, анын кызматкерлери ЖККУнун алкагында эл аралык деңгээлде окуулардан өтүшөт.

Дастан Бекешев өткөн жылдын декабрь айында ЖМКлар DDoS-чабуулдар болгонун айтып арызданышканын эске салды.

- Анда аларга эч ким жардам бере алган жок, - деп сөзүн улантты эл өкүлү. - Силерге тиешеси жоктой түр көрсөтпөй, бул ишти тергөөгө жардам беришиңер керек болчу.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх