Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Талас облусунун башчысы: Биз аймактагы коопсуз абалды сактап калгыбыз келет

Марат Мураталиевдин айтымында сырттан келген жарандардын анализдери таза чыккан

Талас облусунун обсервациясына жайгаштырылган жарандардын анализдери таза чыкты. Мындай маалыматты өкмөттүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Марат Мураталиев билдирди.

- Облус боюнча 4 миң 257 адам ПЦР тесттерди тапшырды, - деп тактады ал. - Бардыгыны анализдери таза чыкты. Обсервациядан 603 адам чыгарылды. Бүгүнкү күнгө карата обсервацияда 95 адам бар.

Муну менен бирге ал обсервацияга күч менен жаткырып салышты деп айтып чыккан жарандардын окуясы боюнча да түшүндүрмө берди.

- Соль-Илецкиден 51 адам келген, - деп сөзүн улады Мураталиев. - Чет өлкөлөрдөн келген жарандар обсервацияга жайгаштырылат. Аларды Талды-Булактагы обсервацияга алып келишкен. Дагы 5 күн ошол жерде болушат. Обсервацияда ар бир бөлмөдө экиден адам жатат. Кадимки алгоритм боюнча аракеттерди көрдүк. Бирок, айрым жарандар нааразычылыктарын билдиргендиктен, укук коргоо кызматкерлерин чакырууга туура келди. Биз түшүндүрүү иштерин жүргүзгөнгө аракет кылдык. Андан кийин кээ бир жарандар жергиликтүү бийликтин талаптарына баш ийүүгө макул болушту. Биз аймагыбыздагы коопсуз абалды мындан ары дагы сактап алганга аракет кылабыз.

Марат Мураталиев жергиликтүү муниципалитеттин кызматкерлери коопсуздук максатында өз үй-бүлөлөрү менен көрүшпөй жатышканын белгиледи.

- Балдарыңарды карап, үйдө отурсаңыздар сураныч, - деди Талас облусунун башчысы. - Бардык аким менен мэрлер күнү-түнү иштеп, элдер менен сүйлөшүп, көчөдө жүрүшөт. Алардын да үй-бүлөлөрү, балдары, ата-энелери бар. Аларды дагы ойлосоңуздар. Жакындарынын коопсуздугун ойлоп, үйлөрүнө барбай жатышат.
Ал ошондой эле Талас облусундагы бардык посттор санитардык талаптарды катуу кармап жатышканын баса белгиледи.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх