Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиги: «Жаштык» спортклубун балдардан эч ким тартып алган жок. Ал жакта азыр ремонт жүрүп жатат

Мекемеде ЖК депутатынын “балдардын клубун мушкерлерге берип коюшуптур” деген сөзүн четке кагышты

Мекеменин башчысы «Жаштык» балдар спортклубун балдардан тартып алып, мушкерлерге берет экен деген ЖК депутаты Евгения Строкованын сөздөрү чындыкка жатпайт, - деп билдирди жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинин басма сөз катчысы Нурпери Садырбекова Vesti.kg сайтына.

- Мындай буйрук болгон эмес, - деп ишендирди мекеменин басма сөз катчысы. - учурда карантинге байланыштуу биз балдарды каникулга жибергенбиз. 16-марттан бери алар тренердин планынын негизинде онлайн режиминде машыгып жатышат. Бардык адистештирилген балдардын спорт мектептери кадимки мектептер сыяктуу эле майдын аягында каникулга чыгышат. 15-августта окуулары кайра башталат. Ошол убакытка чейин имаратты «Жаштык» клубунун кызматкерлери оңдоп-түзөөдөн өткөрөт. Гимнасттардын имаратын башкаларга өткөрүп берүү маселеси дегеле болгон эмес.

Эске салсак, кечээ парламенттин жыйынында ЖК депутаты Евгения Строкова Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттиктин башчысы Канат Аманкулов «Жаштык» спорттук клубун балдардан тартып алып, мушкерлерге берип койгонун айтып чыккан.

Медина Купсулдаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх