Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Исхак Масалиев: «Бек Борбиевдикиндей талантым болсо, саясатка аралашпай эле ырдап жүрө бермекмин»

Депутат ырчынын математикалык эсептөөлөрүндө да жаңылып калганына көңүл бурган

Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев анын мандаттан баш тартканын популизм деп сындаган ырчы Бек Борбиев менен полемикага түшкүсү келбегенин Vesti.kg сайтына билдирди.

- Бек Борбиевдикиндей талантым болсо, саясатка аралашпай эле, элди кубантып ырдап жүрө бермекмин, - деди ал.

Масалиев парламенттин учурдагы курамынын иштөө мөөнөтү ноябрда гана аяктарын, ошондо жаңы курам түзүлөрүнө көңүл бурду. Башкача айтканда, 2 айдан кийин эмес, 5 жарым айдан кийин, деди депутат.

- Эгерде ал математика менен саясатта деле күчтүү болбосо… Мен анын аткаруучулук талантын баалайм. Болгону ушул, - деди эл өкүлү.

21-майда Исхак Масалиев («Өнүгүү-Прогресс») парламенттин жыйынында 2020-жылдын 25-майында депутаттык мандатын тапшыранын билдирген.

-Белгилүү ырчы Бек Борбиев Исхак Масалиевдин бул кадамын жөнөкөй пиар деп, «эки айдан кийин ансыз деле бул курамдын иши бүтмөк» деген.

Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх