Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ош-Тазалыктын» башчысы: Мен Аманда Тургунова менен тааныш эмесмин. Тендерлер бизде калыс өтөт

Нурбек Исмаилов «Россия Нефть» компаниянын уюмдаштыруучусу Матраимовдун жубайы экенин билген эмесмин деп ишендирди. Ал ошондой эле эмнеге бул компания тендерлерде жеңип чыгарын да түшүндүрдү

«Ош-Тазалык» муниципалдык мекемесинин башчысы Нурбек Исмаилов Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Раимбек Матраимовдун жубайы -Уулкан (Аманда) Тургунова боюнча Factcheck.kg сайтынын иликтөөсү боюнча үн катты.

Журналисттердин иликтөөсүндө «Ош-Тазалык» 2018-жылдын декабрь айынан бери «Россия Нефть» компаниясынан күйүүчү жана майлоочу май сатып алары белгиленген. Компаниянын уюмдаштыруучулары деп Тургунова жана Алишер Козуев аттуу жаран айтылган.

Муниципалдык ишкананын башчысы эмнеге «Ош-Тазалык» «Россия Нефть» компаниясы менен гана кызматташарын Vesti.kg сайтына түшүндүрдү

- Биринчиден, биз Тургунованын компанияга тиешеси бар экенин билген эмеспиз, анын үстүнө мен ал кишини таптакыр тааныбайм дагы, - деп ишендирди Исмаилов. - Экинчиден, тендерлер туурасында маалымат ачык булактарда - сайтта турат, башкача айтканда аны көп киши көрөт жана конкурс таза, калыс өтөт. Эмне үчүн ошол компания утат десеңиздер, ким ыңгайлуу баа сунуштаса жана башкысы - күйүүчү май кимде сапаттуу болсо - ошол конкурстун жеңүүчүсү болот. «Ош-Тазалыктын» унаалары дизель менен жүрөт. Эгерде сапатсыз май куйсак, унаалар бузулуп баштап, ремонтко жүз миңдеген сомдук чыгашаларга алып келет.

Редакциянын иликтөөсүндө ошондой эле «Россия Нефть» «Ош шаардык муниципалдык автотранспорттук ишканасы» МИ,ошондой эле Ош облусунун Кара-Суу
районунун Савай айылы менен дагы кызматташары белгиленген.

Эске салсак, аталган айыл өкмөтүнүн башчысы Мунарбек Раимбековду (мурда анын фамилиясы Сайпидинов болчу) Райымбек Матраимовдун өкүл баласы дешет. Анын иш бөлмөсүндө ал эмес МБКнын башчысынын мурдагы орун басарынын сүрөтү да илинип турган.

Уулкан (Аманда) Тургунова анын кымбат баалуу кийимдери менен асем жасалгалары туурасында даярдалган журналисттик иликтөөдөн кийин белгилүү болгон.

Зулайка Эркимбаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх