Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда ЖМКдагы макалалар менен соцтармактагы билдирүүлөр аткаминерлердин мүлкүн текшерүү үчүн мыйзамдуу негиз болот

Коопсуздук кеңешинин жыйынында аткаминерлердин кирешелери менен чыгашаларын көзөмөлдөөнү катуулата турган мыйзам долбоору талкууланды

Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин катчылыгында декларациялоо чөйрөсүндөгү мыйзамдарды өркүндөтүүгө багытталган чараларды талкуулоо боюнча жумушчу жыйын өттү.

Атап айтканда, Коопсуздук кеңешинин катчылыгынын координациясы астында иштелип чыккан «Кыргыз Республикасынын „Мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды убактылуу ээлеген же ээлеген адамдардын кирешелерин, чыгашаларын, милдеттенмелерин жана мүлкүн декларациялоо тууралуу"мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу« мыйзам долбоору талкууланды.

Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев мамлекеттик органдардын ишмердүүлүгүндөгү коррупциялык көрүнүштөр менен күрөшүү боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан белгиленген багыттардын бири декларациялоо жөнүндө мыйзамдардын сакталбашына жоопкерчиликти катаалдаштыруу болуп саналаарын билдирди.

Вице-премьер-министр Эркин Асрандиев аталган мыйзам долбоору узак убакыттан бери иштелип келатканын айтып, анын жүрүшүндө ишке тартылган мамлекеттик органдардын сунуштары менен сындары эске алынгандыгын баса белгиледи. Ал кийинки аптада Өкмөт документти Жогорку Кеңештин кароосуна жибере тургандыгын кошумчалады.

Аталган мыйзам долбоору менен бардык деңгээлдеги чиновниктердин чыгашаларын жана кирешелерин көзөмөлдөө кыйла катаалдаштырылары, ошондой эле коррупцияга каршы жаңы натыйжалуу механизмдер киргизилери белгиленди. Алардын ичинде:

1) декларанттын башка бирөөнүн мүлкүн иш жүзүндө пайдалангандыгы жөнүндө маалыматтарды берип турууга милдеттүүлүгү;

2) бирдиктүү салык декларациясын толук текшерүү үчүн негиздердин экиден сегизге чейин көбөйүшү.
Анын ичинде:
— декларацияда туура эмес маалыматтар берилиши ыктымалдыгы жөнүндө жеке жана юридикалык жактардан жана башка булактардан маалыматтарды алуу;
— декларанттын жана / же анын жакын туугандарынын кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү сатып алуусу жөнүндө ЖМКга (анын ичинде интернеттеги социалдык тармактардын сайттарында) маалыматтарды жарыялоо;
— декларанттын жана / же анын жакын туугандары тарабынан кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү, баалуу кагаздарды, акцияларды (үлүштөрдү, уюмдардын уставдык капиталындагы үлүштөрдү) сатып алуу боюнча бүтүмдөрдү декларанттын акыркы үч жылдагы жалпы кирешесинен ашкан суммага жүргүзгөндүгү жөнүндө фактыларды ачыкка чыгаруу;
— декларанттын жана / же анын жакын туугандарынын банктык эсептеринде накталай эмес акча каражаттарынын, ошондой эле эсептик көрсөткүчтөн 20000 эседен ашкан суммада акча каражаттары бар экендиги жөнүндө маалымат алуу;

3) эгерде сатып алынган мүлктүн суммасы аны алган кишинин жалпы кирешесинен ашып кетсе жана ал мүлктү мыйзамдуу кирешелерине алгандыгы тууралуу тастыкталган маалымат берилбесе, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин мүлкүн соттук чечимдердин негизинде мамлекеттин кирешесине кайруу;

4) бирдиктүү салык декларациясын тапшырбагандыгы же ага туура эмес маалымат киргизгендиги үчүн жоопкерчилик чараларын колдонуу.

Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх