Форма менен ак калпак кийип алган Оштун прокуроруна сөгүш берилди
Кубат Абдраимов бирдиктүү эрежелерди бузгандыгы үчүн тартиптик жазага тартылат
Жеңиш күнүндө форма менен ак калпак кийип алган Ош шаарынын прокурору Кубат Абдраимовго бирдиктүү эрежелерди бузгандыгы үчүн сөгүш жарыяланды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.
Мындай чечим 20-майда кабыл алынган. Ал дисциплинардык жоопкерчиликке тартылып, сөгүш алды.
Эске салсак, прокурордук форма менен ак калпак кийген Абдраимовдун сүрөтү 9-майда тараган. Көптөгөн колдонуучулар көзөмөл органынын кызматкерин сынга алышкан.
фото www
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз