Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Асылбек Жээнбеков жубайы таксисттерден ал жөнүндө кандай ушактарды угарын айтып берди

Президенттин иниси акыры жаңы партиясы тууралуу ушактар, Араб Эмираттарынан келген чырлуу каттам жана башка коомду кызыктырган суроолорго жооп берди

Жогорку Кеңештин депутаты, Кыргызстандын президентинин бир тууган иниси Асылбек Жээнбеков «Азия ньюс» гезитине маек курду.

Парламент мүчөсү эмне себептен ЖМКда көп көрүнбөй калганын түшүндүргөн.

«Агабыз мамлекетти жетектегенден кийин чоң жоопкерчилик мойнуңа жүктөлгөнүн сезет экенсиң. Биздин ар бир сүйлөгөн сөзүбүз, кыймыл-аракетибиз коомчулуктун көңүл борборунда турат. Мындан улам, жүрүм-турумубузду мурдагыдан дагы катуу көзөмөлдөп, кандайдыр бир деңгээлде өзүбүзгө чектөө киргизип калдык», - деген ал.

Бирок, депутат муну менен саясаттан четтеп калбаганын, эл өкүлү катары мыйзам чыгаруучулук милдетин аткарып, профилдик комитеттин жыйындарына активдүү катышып, шайлоочулар менен тыгыз иштешип жатканын белгилеген.

Асылбек Жээнбеков ошондой эле анын буйругу менен үстүбүздөгү жылдын 12-мартынта Сауд Аравиясынан кичи ажылыктан келген кыргызстандыктар коронавируска текшерилген эмес деген кесиптештеринин билдирүүсү боюнча да үн каткан.

Эске салсак, кийинчерээк ал жүргүнчүлөрдүн арасынан коронавируска чалдыккандар аныкталган.

«Мен Кудайга ишенген, буюрса динди бекем карманганга аракет кылган адаммын. Мусулманчылыкта көп учурда унчукпай коюу, сабырдуулук жеңиш алып келүүчү эң жакшы сапат болуп саналат. Сооронбай Шарипович президенттик кызматка киришкенден бери биз тууралуу, айрыкча менин дарегиме кандай гана сөздөр айтылбады. Элибиз өзү кимдин ким экенин билээрине ишенген инсан катары аларга жооп бериштин да кажети жок деп келгем. Сиз сурап калгандыктан жооп берейин.
Мединадагы Мухаммед (САВ) пайгамбарыбыздын мечитинде жана Меккедеги ыйык Каабанын жанында намаз окуп, зыярат кылууну ар бирибизге насип кылсын. Мурда бир нече ирет зыярат кылгам. Бирок, 2019-жылы дагы, быйыл дагы Сауд Аравиясына барган жокмун. Кайсы бир маселе боюнча тийиштүү мекемелерге буйрук берүү менин ыйгарым укугума кирбейт. Муну расмий түрдө билдирем.

Дегеле башкалар тууралуу ушак тараткандарды, куру жалаа жапкандарды бактысыз адамдар деп эсептейм. Эки жылдан ашуун мезгилден бери президентке каршы күчтөр каралоо кампаниясын катуу жүргүзүштү. “Бул жерди президенттин жакындары алыптыр, Асылбек Жээнбеков бул курулушту куруп жатыптыр” сыяктуу айың кептерди тынбай жайылтып келишти. Мунун баары бизге маалым эле. Бир жолу жубайым уулум менен таксиде баратканда “Ынтымак” багы жаңыдан курулуп атканда анын тушунан таксист: “Ушул жерди Асылбек Жээнбеков басып алып, курулуш иштерин жүргүзүп жатыптыр” дептир. Ошондо жубайым күлүп: “Чоң эле киши экенсиз, кантип калп айтып жатасыз?” деп уяткарыптыр», - деп айтып берген Жээнбеков.

Эл өкүлү ошондой эле ал өлкөнүн саясатындагы бирден бир фигура экени жана президенттин чечимдерине таасир кылары жөнүндө айтылган сөздөргө дагы жооп берген.


«Буга чейинки президенттердин үй-бүлөсү, бир туугандары жана жакындары тууралуу ар кандай кептер айтылып келген. Алардын тагдыры бизге чоң сабак. Сооронбай Шарипович үчүн Кыргызстандын кызыкчылыгы, тарых алдындагы, эл алдындагы жоопкерчилиги баарынан жогору турарын билем», - деп ишендирген Асылбек Шарипович.

Муну менен бирге ал келерки парламенттик шайлоодо жаңы партия түзүп же башка бир партияны жетектөө планында жок экенин кошумчалаган.

Андан соң эл өкүлү айрым юристтердин “Бишкектин ЖЭБинин реконструкциясы боюнча кылмыш ишинин алкагында Асылбек Жээнбеков жоопкерчиликке тартылууга тийиш болчу ”деген пикирлерине да жооп кайтарган.

«Мен өз оюмду Бишкек ЖЭБине байланыштуу маселе Жогорку Кеңеште каралып жатканда кеңири, ачык айткам. Мага чейин спикер болгондор, ошол мезгилде тиешелүү комитетти жетектегендер, депутаттар да бул боюнча пикирлерин билдиришкен. Жогорку Кеңештин төрагасы маселени жалгыз өзү чечпейт, модератордун гана милдетин аткарат. Ал башка депутаттар сыяктуу жападан жалгыз добушка ээ. Кандай гана мыйзам долбоору болбосун, алгач парламенттин профилдик комитеттеринде жактырылып, андан кийин палатага чыгат. Парламент коллегиалдуу орган болгондуктан көпчүлүктүн добушу менен чечилет.
Каныбек Капашович айткандай, Бишкек ЖЭБин курган компаниянын жетекчилиги менен ошогезде мамлекетти башкарып тургандар 3 жолу, ошол маселени чечүүгө түздөн түз катышкандар 18 ирет жолукса күнөөлүү эмес, кытайлык компаниянын башчылары менен жолукпай, өз милдетин мыйзам чегинде аткарган Жогорку Кеңеш күнөөлүү болуп чыга келеби? Бул акылга сыйбайт!», -деп жооп берген ал.

Депутат кезектеги жолу бир тууган агасы Сооронбай Жээнбековдун иши абдан көп болгондуктан аны менен өтө сейрек байланышарын баса белгилеген.

«Президенттин жумушу өтө көп. Ал киши менен майрамдарда, үй-бүлөлүк карым-катыштарда гана кездешебиз. Андайда Сооронбай Шарипович менен жай турмуштун тегерегинде баарлашып, саясат, жумуш тууралуу кеп козгобогонго баарыбыз аракет кылабыз. Тилекке каршы, ишине байланыштуу көпчүлүк учурда катыша албай да калат», - деген ал.

Булак
Фото www

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх