Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Абылгазиев Кыргызстан эл аралык университетин аяктаганбы-жокпу?

Өкмөт бул маалыматты четке кагып, бул тууралуу жазган соцтармактын колдонуучусу мыйзам алдында жооп берерин билдиришти

АКШДагы кыргызстандыктардын Kyrgyzclub диаспорасынын жетекчиси Айбек Хакимов что премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевдин өмүр таржымалында жазылып тургандай, ал чындыгында эле Кыргызстандын эл аралык университетин аяктаганына күмөн санарын билдирди. Бул тууралуу ал Фейсбук социалдык тармагындагы баракчасына жазган.

«Премьер-министрдин биографиясын окуп көрөйүп деп кызыгып, абдан кызыктуу фактыга туш болдум. Анын биографиясында Абылгазиев 1997-жылы Кыргызстандын эл аралык университетинин экономика жана бизнес факультетин 1997-жылы аяктаганы жазылган. Университет 1993-жылы ачылып, 1997-жылы биринчи бүтүрүүчүлөрүн чыгарган.

Мен аталган окуу жайынын экономика жана бизнес факультетинин биринчи 60 студентинин катарында болчумун жана староста болгондуктан бардык студенттерди жакшы тааныйм. Абылгазиев биздин арабызда жок болчу. Сырттан окуу бөлүмү да жок эле.

Абылгазиев МУКтун дипломун кантип алган? Бирок, биздин өлкөдө баары мүмкүн эмеспи, эмнесине таң калабыз», - деп жазган Хакимов.

Өз кезегинде өкмөттүн басма сөз кызматынын башчысы Чыңгыз Эсенгулов Хакимовдун сөздөрүн четке какты.

«Хакимов жазгандар калп. Ал мыйзам алдында жооп берет», - деди Эсенгулов.

Гулиза Чудубаева
Фото www

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх